Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бизде эки күмүш, бир коло медалы бар! Балбандарыбызга таазим!

Бизде эки күмүш, бир коло медалы бар! Балбандарыбызга таазим!

05-август, 14:00
3 334 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Токио олимпиадасы бийик чекитине жетти. Өзгөчө Кыргызстан үчүн. Кечээ күнү Жапон өлкөсүнө баралбагандардын баары түп көтөрүлө кечки саат алтыга жакын телени теше тиктеп, Айсулуу балбандын алтын медаль үчүн күрөшүн өтө чыдамсыздык менен күттү. Спортко кайдыгер эместердин жана өз элине патриоттордун баарынын кан басымы болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп, жүрөктүн согушу жер титиретип, “Мына! Мына чыгып келатат!” дешип, кээ бири алакан ушалап, кээ бири Жаратканга жалбарып, “Айсулуу кызыбыз чемпион болсо экен!” деген сөздөрүн далай ирет кайталап, ооздору кургап, үндөрү чыкпай, демдерин ичтерине басып турду! 

Аны өзүмдөн да байкадым. Спорттук жогорку жолдуулук деген бизден ооп кетти. Дегеним, Акжол Махмудов финалда атаандашына бир упай жетпей калды. Андан кийин Айсулуу кызыбызга да ошондой болду. Ошону менен экөө тең финалда атаандаштарына алтын байгелерди алдырышып, өздөрү сабырдуулук менен күмүш медалга арзышты. Ооба, олимпиада чемпиону болушса жарашмак. Анткен менен Акжол менен Айсулууну алтынга тете күмүш медалдары, Мээрим Жуманазарова кызыбызды коло медалы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Балбандарга терең таазим! “Боло берет турмушта, особенно кыргызда” деген сөз бар. Ийгиликтин туу чокусу уже көрүнүп калды. Келерки Францияда өтө турган жайкы олимпиада оюндарында Кудай буюрса дейли, баары болот! Так что спорт ышкыбоздору, балбандар, патриоттор, башты жерге салбагыла. Кыргыз түгөнгөн сайын түтөгөн байыркы эл. “Сабырдын түбү сары алтын, сабырдуу жетер мураска...” деген сөз бар. Жалпы эле спортчуларыбыздын жаркын күндөрү али алдыда. 

Ал эми бүгүн эркин күрөш боюнча Айал Лазарев, эртең Эрназар Акматалиев балбандарыбыз күрөш килемдерине чыгышат. Бул жакты да эстен чыгарып ийбейли. Үмүт чоң. 7-август күнү алыска чуркоодо Дарья Маслова күлүгүбүз да марафон жарышында... Мына ушундан кийин калган сөздөрүбүздү айтаарбыз. Бүгүнкү күнгө биздин эки күмүш, бир коло медалдарыбыз менен 200дөн ашык өлкө арасында 61-тепкичтебиз. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер