Ташболот Балтабаев, экс-депутат: “Дүйнөдөгү коррупциясы аз мамлекеттердин катарына кирсек деле чоң утуш”
-- Ташболот Балтабаевич, өкмөт башчы Акылбек Жапаров экономикалык өсүштөр жогорулаганын айтып, өнүгүүгө жол алганыбызды билдирүүдө. Кандай дейсиз?
-- “Илбирс секирик” деген жакшы термин экен. Акылбек Жапаровдун ой-максаттары, пландары ишке ашсын. Бирок, бизде буга окшогон толтура мисалдар болгон да. “Швейцария, Сингапур, Малайзия” болгонбуз, “демократиянын аралчасына айланабыз” деген атка конгонбуз. Кана өнүгүп кеткенибиз? Мындай нерселер көп учурда жөн эле сөз бойдон каларына көп ирет күбөлөндүк.
Советтер союзу урап, 15 мамлекет пайда болгон. Бирок, биздин мамлекеттин экономикалык көрсөткүчү боюнча ошол 15 мамлекеттин ичинен 14-орунунда турганыбызды көрсөтүүдө. Ошон үчүн ишке аша турган реалдуу кадамдарга барышыбыз керек. Өкмөт, президент, Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн арасында “мамлекетти өнүктүрөбүз” деген пландар талаш-тартыш менен кабыл алынышы керек. Ошондой эле басма сөз каражаттарында, социалдык тармактарда, коомчулуктун катышуусунда, эркин экономисттердин талкуусунда уланып, мүмкүн чет мамлекеттен калыс эксперттерди чакырып, ошолордун катышуусу менен кабыл алышыбыз керектир. Антпесе, бир эле киши кызматынан кетсе, “секирик талп” деп жерге кулап калышы мүмкүн да.
Негизи башка мамлекетте “секирик жасайм” дегенге эч ким ишенбейт. “Алгач программаңды алып кел, эсеп-кысабыңды көрсөт” деп оппоненттер чыгып, “пикириңе макул эмеспиз” деп толуктоо, өзгөртүүлөрдү сунушташат. Мен илимий чөйрөдөн саясатка аралашкан киши катары мындай маанилүү маселелер талкуу менен кабыл алынышы керек деп ойлойм. Саясатта болсо, “шеф айтыптыр коммунизм курабыз” дегендей эле нерселер орун ала берет экен. Чынында андай өнүгүү жасала турган шарт жарала элек.
-- Бизде коррупцияга каршы күрөш жетишерлик эле деңгээлде жүрүп жатабы?
-- Адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек, мурункуга салыштырмалуу азыр жакшы күрөш жүрүп жаткандай сезилет. Бирок, бир киши эки-үч орган Кыргызстандагы коррупциялык системаны түп-тамырынан бери жойгонго мүмкүнчүлүгү жетпейт. Дүйнө жүзүндө коррупциясы жок мамлекетти таппайбыз. Кыргызстан дүйнөдөгү коррупциясы аз мамлекеттердин катарына кирсе деле чоң утуш да. Эгемендикти алгандан бери Кыргызстанда алып-жулмай тереңдеп кеткен. Коррупцияны азайтмайынча өсүш болбойт, инвестиция келбейт. Бирөө келип маңдай тери менен тапкан акчасын инвестиция катары салса, аны рейдерлик жолдор менен ар ким ар түрдүү факторлорду, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып тартып алып жатса, ким ишенет? Ошон үчүн Кыргызстан коррупциясы аз мамлекеттердин катарына киргенде гана экономикада өсүш болоруна ишенем.
"Азия Ньюс" гезити