Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шахмат федерациясы экиге бөлүнүп кетти. Себеби эмнеде?

Шахмат федерациясы экиге бөлүнүп кетти. Себеби эмнеде?

21-январь, 17:45
1 409 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шахмат коомчулугу эки айрылыш жолго түштү. Федерация экиге бөлүнүп, тиги тарап, бу тарап болуп, “сеники калп, меники чын” деп турган кездери. Жакында эле эки федерация тең съезд өткөзүп, бир федерация Талант Мамытовду, экинчи федерация  Милан Турпановду президент кылып шайлашты. Эки ортодо карапайым акыл-эс оюн чеберлери баштары маң болуп, эмне кыларын билбей, айлалары алты кетип, акыйкат жолду издешүүдө. Кыргызда бир кеп бар, “керкисинде да, кемигинде да бар” деген. Анын сыңарындай, эл тараза! Биз эки бөлүнүп кеткен тараптардын салмактуу өкүлдөрү болгон Төлөгөн Исаев менен Эсенбек Базакечев мырзалардын алгачкы сөздөрүн (журналисттик иликтөөнүн башаты кылып) угуп көрдүк. Экөөнө тең “федерация эмне себептен экиге бөлүнүп кетти жана бул ажырымды кайрадан бир жолго салса болобу?” деген соболдорду таштадык.  


Төлөгөн ИСАЕВ: 

-- Милан Турпанов ишти алпара албай калды. Буга белдүү шахматчылар каршы чыгып, Миланды чакырып, “отчет бер” дешсе, ал отчет бербей, анын ичинде эң негизги делген каржылык отчетту, маселени ачыктабай, кылтыңдап, качып жүрүп, ушу акыбалга апкелди. Турпанов алты жылдан бери иштеп атат. Бир дагы эл аралык турнир өткөрбөдү. Бир да шахмат чеберин даярдабады. Эл аралык чеберлер тарап кетти. “Бизге эл аралык мастер, гроссмейстерлерди чыгаруу максат эмес. Массалык түрдө барсак, андан кийин сапат келип чыгат” дейт. Федерация шахмат боюнча улуттук курам менен иштеш керек эле, биз андайды көрбөдүк. Эгер шахмат алдыга жылбаса, Турпановду качанкыга чейин карап отура бериш керек? Ошондон улам шахмат коомчулугу чогулуп, буга чейин вице болуп жүргөн Талант Мамытовду прездент кылып шайлап алды. Ал иштерман жигит экен. Шахмат академиясын ачып койду. Бул жагынан абдан чоң жылыш жасап жатат. Экинчи сурооңузга мындай жооп берейин: Милан Турпановго алты жыл шанс берилди. Шахматты бир орунга кармап туруп алды. Өскөн жок. Ошондон улам ал кетиш керек. Эми караңыз, съезд өткөргөн күнү тууган-урук, шахматты тереңден билбеген адамдарын мүчө кыла коюп, ошолор менен шайланып атат. Спорт комитеттен 9 млн. сом бөлүнүптүр, отчету жок. Ревизиондук комиссияга быйыл эле өзүнүн тарапташы Дамил Токтогоновду киргизе коюптур, анысы тыңгылыктуу отчетун бербеди. Съезде ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева “отчетуңарды сайтка илип койгула. Баардыгы ачык болуш керек, эл билсин, көрсүн” деп туура айтты. Ошол эле отчетто Милан “менин программам төрт жылдык, жыйынтыгы 25-30 жылда болот” дейт. Ушу кантип болсун? 25-30 жылда азыркы чыга турган балдардын эмгеги күйүп кетип атпайбы! Асыл Абдыжапар, Михаил Марков, Төлөгөнтегин Семетей, Руслан Съездбеков, Таалайбек Тагиров ж.б. эмне болот? Милан Турпановду колдогондордун арасында алдыда жүргөн шахматчылардын болбогону мени өкүндүрөт. Бул маселени улуттук курамда шахматчылар, анын машыктыруучулары чечиш керек. Шахмат федерациясын өзү басып алган. Өзү бухгалтер, өзү секретарь, өзү ревизиондук комиссия, “сам швец и жнец и в дуду игрец” болуп алган. Баардык эле федерация ар жарым жыл сайын отчет берип турат, “канча акча бөлүндү, каякка жумшалды, ким канчанчы орунду ээледи?” дегендей. А шахмат федерациясы анткен жок. Эл менен эсептешпейт, ойлорун укпайт, өзүмбилемдик кылып атат. Анан акыл-эс оюн чеберлери нааразычылыгын билдирди. 


Эсенбек БАЗАКЕЧЕВ: 

-- Эмнеге шахмат федерациясы экиге бөлүнүп кетти? Бу жерде Милан Турпановдун анча-мынча күнөөсү бардыр. Бирок, эң негизги себеби ал деле эмес. Кээ бир адамдар башка, сырттагы күчтөрдүн сөзү менен федерацияны бөлүп-жарганга аракет кылып ийди көрүнөт. Эгер сырткы күчтөр кийлигишпегенде, пикир келишпестик маселелер өз нугунда эле чечилмек. Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн кимдерди “сырткы күчтөр” деп атканымды айтып коёюн. ФИДЕнин алдында Азиянын 3-4 аймагы деген бар. Анын президенти көп жылдан бери өзбекстандык адам. Милан Турпанов ошол адамдын ишмердигин бир нече ирет сындап, маселелерди көтөргөнүн билет элек. Алар Кыргызстандан мындай адамды көргүсү келбей, ушул адамдын таасири менен биздин шахмат федерациясы экиге бөлүнүп кетти деп ойлойм. Экинчи жагы, Милан Кой-Ташка барып Атамбаев менен жолугуп коюп, ошондон да болуп ататпы (?) деп шекшийм. Ошентип эки жактан кызыкчылыктар төп келип калды өңдөнөт. Мындан сырткары, Талант Мамытов беш жылдай КР шахмат федерациясынын вице-президенти болуп, Милан Турпанов менен бирге иш алып жүрдү. Анан чочугансып “федерация иштебей атат” деп чыга калды. А эмнеге мурун айтпайт? Өзүндө да жоопкерчилик болуш керек эле да? Аябай туура эмес иш болуп калды. 

Эми съездге келели. 2019-жылы август айында жыйын болуп, Талант Мамытов Милан Турпановду федерация президентинен кетүүсүн айтат. “Мындай маселе съездде, баардык машыктыруучулар, оюнчулардын катышуусунда чечилиши керек” дешип, жыйындын катышуучулары съезд 2020-жылы январь айына белгиленет. Анан эле Мамытов “капризный ребенок” сымал, бир айдан кийин “жок, съезди өзүм өткөрөм. Республиканын булуң-бурчунан келе турган делегаттардын жол киреси, тамак-ашы, жатаканасын өзүм төлөйм” деп аябай кызыкдар адам болуп чыга келди. “Январь айында эле өткөрөбүз деп чечим чыкпадыбы?” дегенге караган жок. Анан Талант өзүнчө съезд өткөрүп ийди, анан “боткосу” чыгып эле жатып калды.  

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер