Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жума күнү улуттук курам Мьянма командасы менен кылчайнашат

Жума күнү улуттук курам Мьянма командасы менен кылчайнашат

10-июнь, 01:06
5 765 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 7-июнь күнү Монголия командасы менен жашыл майсанга чыкты. Футбол боюнча 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын кезектеги Азия аймагында иргеп алуу оюндарынын бири болчу. Албетте, биздин топ тепкичтерден көптү күткөнбүз. Монголияны жеңил болбосо да утуп алабыз дегендей үмүт арткан элек. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болуп, биздин оюнчулар колдорунан келген аракеттерин кылды. 1:0 эсебинде Монголия утуп кетти. Ага эмне себеп болду? Биринчиден, биздин дарбазачыларыбыздын баары (үчөө тең) ковид тестинен улам оюндан четтетилип калган. Анализдердин баары жакшы чыкканына карашкан эмес. Утулгандын бирден-бир себеби ушу. Экинчи себеби, оюнчуларыбыз мындай психологиялык соккуга даяр эмес экен. Өздөрүнүн оюндарын ойноп, толугу менен көрсөтө алышкан жок. Эми кезектеги оюнду эртең 11-июнда Мьянма командасы менен өткөзөт. Ай ким билет, ким билет?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер