Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдисалим Чылымов: “Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОго катталганы – жашоомдогу кыялым орундалганы!”

Абдисалим Чылымов: “Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОго катталганы – жашоомдогу кыялым орундалганы!”

22-май, 21:41
4 436 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Абдисалим аке, жакшы кабар уктум. Кадимки эле биздин улуттук оюнубуз болгон тогуз коргоол ЮНЕСКОнун тизмесине киргендиги тууралуу сертификатын жөнөткөн экен, бул негизги документ эмеспи. КР тогуз коргоол федерациясынын туңгуч президенти катары айтсаңыз, бул жакшы кабар сизди да толкундантып атса керек?

-- Тогуз коргоол оюнунун ЮНЕСКОго катталышы – менин көп жылдык эмгегим. Башынан ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө да кайрылгам. Бир топ аракетин жасашты. ЮНЕСКОнун талабы, шарты боюнча тогуз коргоол оюну боюнча ашык-кеми жок 3 мүнөт, 20 секунддук видеотасма болуш керек экенин айтышты.

-- Ага эмнелер камтылышы керек эле?

-- Оюндун тээ ата-бабалардан келген тарых-таржымалы, азыркы абалы жана алдыдагы келечеги, улуу муун менен келечек муундун байланышын тастыктаган тасма болуусу шарт экен. Даярдадык, бу жерде жалгыз эле өзүм чуркадым дегенден таптакыр алысмын. Команданын командири өзүм болгону менен чылкый кара жумушту аткарган кыз-жигиттер болду. ЮНЕСКОго арызды англис, француз тилине которушту. Аны 2019-жылдын жаз айларында жибердик. Ал жактан жооп катары бизге “2020-жылдын март айына жетпей каралат” деп кат келди. 2020-жылдын ошол эле февраль-март айларында аты жаман ковид-19 илдети Кыргызстанга келди. Эч бир кабар ала албай калдык. 

-- Интернет аркылуу да байланыша албай калдыңарбы?

-- Байланышып аттык. Байланышканда эмне, ал жакта да жаман илдет күч алып атты да. Ошентип 2020-жылдын 17-декабрында ЮНЕСКОнун 15-сессиясы Ямайка республикасында болуп, “Тогуз коргоол – кыргыз элинин улуттук оюну жана маданий баалуулук” деп катталды. Сертификаты болсо мына жакында эле келип отурат. 

-- Жогоруда айтып кеткен үч жарым мүнөткө жакын тасманы канча убакытта тарттырдыңар?

-- Ашык-кеми жок 10 күн дегенде тартып бүттүк. Кыргыз элине белгилүү режиссер Үсөн Жээнтаев тартты. Баарыбызга жакты. А мен болсо “эми акчасы канча болду экен, канча акча сурайт?” деп кабатыр болуп атсам, ал мага “кыргыздын патриоту жалгыз эле сен бекенсиң? Мен бир да тыйыныңды албайм!” деп катуу айтты. Абдан ыраазы болдум, тимеле элжиреп кеттим. Чындап эле бир тыйын алган жок. 

-- ЮНЕСКОнун дагы кандай шарттары бар экен?

-- Айтып коюшум керек, “бир эле тогуз коргоол кирди” десек не корректно, не этично болуп калат. Шарты, талабында кыргыздын тогуз коргоол, казактардын тогуз кумалак жана түрктөрдүн мангала оюну – ушул үчөө бир номинация менен ЮНЕСКОго катталды. 

-- “Тогуз коргоол оюнун ЮНЕСКОго Абдисалим Чылымов каттатты” десек кандай болот?

-- “Жалгыз өзүм” дегенден абдан алысмын. Бу жерде көптөгөн жаштар чуркады. Учурдан пайдаланып, баарына терең ыраазычылык. Кимдерге экенин өздөрү билет жана мага таарынбайт. Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОго катталгандан бери бутум жерге тийбей алып-учуп жүрөм. Бул жашоодогу кыялым орундалды!  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер