Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалолидин Нурбаев, ЖК депутаты: “Жип ийрүү, кездеме токуу фабрикасын куруу аракеттери жүрүп жатат”

Жалолидин Нурбаев, ЖК депутаты: “Жип ийрүү, кездеме токуу фабрикасын куруу аракеттери жүрүп жатат”

30-октябрь, 09:00
796 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жалолидин Паязидинович, өткөн жума сиздердин агрардык комитет Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу райондорунда болуп келбедиби. Ал жерде эмне маселелерди карадыңыздыр?

-- Ноокат районунда экология, таза суу, саркынды суулар, Араванда суу сактагыч, суу насостору боюнча маселелерди карадык. Араванда 240 орундуу мектептин курулушу менен тааныштык. Биз менен чогуу барган кесиптештер, өкмөт мүчөлөрү 240 орундуу чоң мектеп 21 миллион сомго бүтүп калганына аябай ыраазы болушуп, муну башка райондорго да жайылтсак деген үмүт менен кайтышты. Эл менен жолуккан учурда эң негизги маселе катары өндүрүлгөн продукцияны сатуу, кайра иштетүү көйгөйүн көтөрүштү. Райондогу пахта заводдору чогулган пахта волокнолорун эки жылдан бери сата албай жатышат. 

-- Быйыл пахта кандай болуптур?

-- Былтыркыдай эмес. Бирок, баасы да начар болууда. Мурда 75-80 сом болсо, азыр 55-60 сомдон. 

-- Бул эми рынокко байланыштуу да. Рынокко көз каранды болбош үчүн эмне кылыш керек?

-- Төрт ишкана ээлери биригип, азыр жип ийрүү, кездеме токуу фабрикасын куруу боюнча аракеттер жүрүп жатат. 

-- Ал кайсы жерге курулат?

-- Керме-Тоо айыл өкмөтүнө. 10 гектар жер бөлүнүп, трансформациясы да бүтөйүн деп калды. Заводду кура турган кишилердин баары өзүбүздүн жеке инвесторлор. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер