Акыркы кабарлар
» Коом » “Дордойдогу” өрттөн чыгым тарткандар жардам сурады
“Дордойдогу” өрттөн чыгым тарткандар жардам сурады
05-июль, 18:16


Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында 5-июлда чыккан өрттү өчүрүүгө жети өрт өчүрүүчү машине жана 60 куткаруучу тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Эрнест Жусупов эки кабаттуу контейнерди өрт чалып, жалпы миң чарчы метрге жакын жер күйгөнүн билдирди. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Алдын ала маалыматка караганда, тилсиз жоо базардагы тез татым даярдоочу жерден башталып, андан кийин кийим-кече сатылган аймакка жайылган.
Өрттөн канча соодагер чыгым тартканы, баш-аягы канча контейнер күйгөнү такталып жатат. Айрым ишкерлер базардын администрациясына бардык төлөмдөрдү төгүп келишкенин жана алардын күркөлөрү камсыздандыруудан өткөнүн билдирди. Ушундан улам кенемте төлөнү керектигин айтышты.










