EREM спорттук клубу жыл мыктыларын сыйлады
EREM спорттук клубу жыл (2019-жыл) жыйынтыгын чыгарды. Клубдун вице-президенти Шайлообек Атазов эски жылды узатып жатып, клубда машыгып, дүйнө мелдешинде ийгилик жаратып жүргөн спортчулардын атын атап, аларды баалуу белектер жана акчалай сыйлык менен сыйлады.
Сыйлоо аземде Жогорку Кеңештин депутаты, клубга демөөрчүлүк кылган Искендер Матраимов, бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров жана коомдук ишмерлер болду. Эл өкүлү Искендер Матраимов сыйланып аткан спортчуларды 2020-жыл олимпиада жылы экенин баса белгилеп, спортчуларга жаңы жылдык куттуктоо сөзүн айтып, Япония олимпиадасында байгелүү орундарды жеңүүсүн тилек кылып кетти. Сыйлыкка татыгандардын ичинде бокс боюнча улуттук курамдын мүчөсү Азат Үсөналиев 70 миң сом менен сыйланды. Ушундай эле сыйлык менен дүйнө чемпиону Аскарбек уулу Эрали да сыйланды. Мындан сырткары, отуздан ашуун спортчуга диплом, грамоталар жана кубокторду клубдун вице-президенти Шайлообек Атазов салтанаттуу түрдө тапшырды. Чынын айтыш керек, мындай мотивация башка спорттук клубдарда болбогонун эске алсак, жакшы жышаан экенин айтып коюш керек. Учурдан пайдаланып, ЖК депутаты Искендер Матраимовдун алдыга умтулуп, кыргыздын намысын коргоп аткан спортчуларга тынымысыз демөөрчүлүк кылып, эч нерседен кем кылбай колкабыш кылып атканы мактоого татырлык.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
"Азия Ньюс" гезити