Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз балбандарынан алтоо Япония олимпиадасына жолдомо алды

Кыргыз балбандарынан алтоо Япония олимпиадасына жолдомо алды

15-апрель, 13:40
3 825 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандын Алматы шаарында 9-апрелден 11-апрелге чейин күрөш боюнча Азия алкагында квалификациялык мелдеш болуп өттү. Быйыл Япония жергесинде жайкы олимпиада оюндары өтөт эмеспи. Ошого иргеп алуучу бирден-бир мелдеш эле. Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курамдын балбандарынан алтоонун жолдомо алганын чоң жетишкендик катары айтса болот. Алсак, грек-римден Жоломан Шаршенбеков (60 кг.), Акжол Махмудов (77 кг.), Узур Жузупбеков. Кыз-келиндерден Мээрим Жуманазарова (68 кг.), Айпери Медет кызы (76 кг.). Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (65 кг.). 

Эске сала кетсек, 2019-жылы ошол эле Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азизбеков жолдомо алышкан.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер