Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темир Сариевди каралаган Исмаил Исаков акылдан адаштыбы?

Темир Сариевди каралаган Исмаил Исаков акылдан адаштыбы?

11-апрель, 23:09
1 337 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков “Унгар-Тоону өзбектерге Темир Сариев берип салган” деп жалган жазыптыр. Генералдын маалыматтары чийки, толук эмес экен.

Эң оболу, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда, Өзбекстандын андагы президенти Ислам Каримов улам өчүрүп жаткан Унгар-Тоонун башындагы ретрансляторго кошумча башка чокуга дагы ретранслятор салганга каражат бөлгөн, башка чечим болгон эмес. Аныгында, 25 жыл биздин менчик болсо да өзбектер колдонуп келгенин эмнеге айтпайбыз? Бир да премьер-министр буга чейин даап кол коё албаган 11 объектини Темир Сариев мамлекттик баланска алган.

Алар:

1. Орто-Токой суу сактагычы (Ала-Букадагы); 

2. Ноокен районундагы 4 насостук станция;

3. Ысык-Көлдөгү 4 пансионат;

4. Аксыдагы Чоң-Наманган каналы;

5. Баткендеги Сох-Шаймерден каналы;

6. Кадамжайдагы Кайтпас, Кыргыз-Кыштак үлүшү;

7. Биринчи Фергана автотранспортук колонна;

8. Лаган каналы;

9. Нарындагы Левобережный каналы (43,1 км түштүктө);

10. ОКМ Фергананефть объектиси;

11. Аксыдагы Чуст каналы (14,5 км).

Дал ушул фактыларды Исмаил Исаков билгиси келбейби, же карылыкка моюн сунуп, адашууга алдырган мезгили келгенби, айтор, бир кездеги үзөңгүлөшү Темир Сариевди каралоого алганы акылга сыйбай калыптыр. Жарыктык киши эми эсине келсе керек... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер