Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улукбек Марипов иш жүзүндө Арзыбек Буркановдун барымтасында калдыбы?

Улукбек Марипов иш жүзүндө Арзыбек Буркановдун барымтасында калдыбы?

11-апрель, 22:51
951 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушул жекшемби 11-апрель күнү өтчү конституциялык референдум буюрса колдоо таба турган болсо, бийликтин эки тизгин, бир чылбыры толугу менен президенттин колуна өтүп, өкмөттүн ролу нөлгө түшөт. Өзү айтмакчы, Улукбек Марипов ошону менен Кыргызстандын акыркы премьер-министри болуп калат. Январда анын талапкерлиги көрсөтүлгөндө, элдин көпчүлүгү гана эмес, элита деле жылуу кабыл алган. Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна ишенимдүү жооп бергени да кубандырган. “Доктур-депутаттын баласы” деп, Атамбаевдин жанында жеке жардамчысы болуп жүрүп, акыркы беш жыл эсеп палатасын жетектегенине баа берип, мол тажырыйба топтоп, өкмөттү жетектеп кетүүгө тапталып калганына үмүт кылганбыз. Бирок, тилекке каршы, Асамидин уулу Улукбек али жетише элек экенине коомдук пикир түзүлдү. Анын жеке мүнөзү жана алган билими мамлекетти ийгиликтүү тартып кетүүгө жетишсиз экени анык болуп калды. Компетенттүүлүгү мурда эле күмөн жаратчу эле, азыр ачык эле көрүнүп калды. Өткөндө Ноокатка барып, таштандыны үч саатта чыгарганына сүйүнүп, Фейсбукта пост жазганын эле айтсак жетиштүүдүр. “Бул жаш баланы премьерликке көрсөтүп, өзү көшөгөнүн артында өкмөттү жетектеп алды” деп иш бөлмөсүн премьер-министрдин жанына жайгаштырып, баардык суроолорду чечип аткан Арзыбек Буркановго өкмөттөгү аппарат кызматкерлери гана эмес, жалпы бийлик органдары нааразы. Ошондо Марипов Буркановдун барымтасында калдыбы? Улукбек Марипов жаңы кызматка бекитилип атканда Садыр Жапаров менен жакшы сүйлөшүп, ага беш жыл бою орун басар болорун айтып мактанган. Президент ал күндөрү биз сыяктуу эле Мариповдун мол тажырыйба баскан жолунан үмүт кылып, жагымдуу келбети жана узун боюна алданса керек. Бирок, бул балакай Садыр Жапаровго жөлөк боло албайт. Президент өзүнө чыныгы эр жүрөк, билерман, көрөгөч, мыкты жаш жетекчилерди тартыш керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер