Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан Бектембаев: “Жумагазиев министр болуп, Султанов менен Токтоналиевдин кызматтары алмашат”

Руслан Бектембаев: “Жумагазиев министр болуп, Султанов менен Токтоналиевдин кызматтары алмашат”

18-октябрь, 00:49
6 386 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маркум Молдомуса Конгантиевди кумир туткан Руслан Бектембаев аттуу “кызыл шапкечен” бар. Жылдызы Бакиев режиминде жанып, кийин Атамбаевдин доорунда шаардык милициянын оперзамына чейин жетип, Аламүдүн РИИБни да жетектеген. 2017-жылы Садыр Жапаров мекенине кайтып келгенде, коомдук-коопсуздук абалды темирдей тартипте кармап турганы эсибизде. Арашандык бул кадрдын кызматтык карьерасы жакшы эле өсүп баратып, бирок Соке бийликке келгенде четке сүрүлүп калган. Ошондон бери кордук көрүп, Бишкек ШИИБде аналитик катары эмгектенип келгенин өзү да жашырбайт. Аз күн мурун бул каарманыбыз: “Канат Жумагазиев министр болуп, досу Улан Султанов Бишкек ШИИБге, Азамат Токтоналиев анын ордуна барып, кызматтары алмашат. ИИМдин орун басарлары да өзгөрөт. Кадрдык реформа жүрүшү керек. Биздин адамдар келсе, анан иштегенди көрсөтөбүз...” деп тар чөйрөдө катуу күпүлдөдү. “Композ” каймана атындагы Руслан Бектембаев өзгөрүүлөр ИИМдин 100 жылдыгынан кийин ишке ашарын да кошумчалады. Көзачыктык кылганы канчалык деңгээлде реалдуулукка айкашарына абай салсак. МЕНТтерден да “ванга” чыгабы?  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер