Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исмаил Исаков түштөн кийин от алганы – алжыганыбы?

Исмаил Исаков түштөн кийин от алганы – алжыганыбы?

08-апрель, 19:44
1 086 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурун элдер аскер адамдары “солдафон” болуп калат деп анекдот айтышчу.  Советтик Армияда солдаттарды чөптү боёткон командирлер болот го, анын сыңарындай, акыркы кезде генерал Исмаил Исаковдун сүйлөгөндөрүн байкап, ошолорду эстейт экенсиң. Бул киши эми эмне бийликке атырылып атат? Өзбекстан менен чек арабыз чечилип атса, өзүн кыйын көрсөтүп, Камчыбек Ташиевди саткын кыла салганы суу кечпейт. 

Исмаил Исаков өзү да кезинде көп нерседен жаңылган. Акаев учурунда Баткен коогалаңында фронттон дезертирлик кылганын эле эстесек жетиштүүбү? Бирок андан кийин Бакиевдердин учурунда аскер казармаларына каралган борбордогу жерлерди менчикке сатканын кантип унутабыз? Анан 7-апрелде боштондукка чыгып, өзүн Наполеон сезип, түштүктө генерал-губернатор ролун ойноп, жыйынтыгында саясый интригалардан улам Ош коогалаңы чыкканы эле эң чоң күнөөбү? Ал аз келгенсип, Атамбаевдин КСДПсынын тизмесин 2010-жылы жетектеп, ал жакка депутаттык мандат эңсеп кетип калып, өзүнө ишенген “Азаттык” партиясынан бир да мүчөнү ала барбаган “командирди” азыр кайсы дөдөй ээрчимек эле? Чын эле бул агабыздын бир жашыруун иштери бар го? 2010-жылы Кадыржан Батыровду Исмаил Исаков Лейлек аркылуу качырган деген кептин жүйөсү качан чыгат? Сыягы, суроолор өтө эле көп... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер