Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрага Жумабековду кызматынан чакыртып алуу – Масалиевдин элдик кадамы

Төрага Жумабековду кызматынан чакыртып алуу – Масалиевдин элдик кадамы

14-декабрь, 01:15
673 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


Фейсбуктагы баракчасына Исхак Масалиев коомчулукка жага турган демилге көтөргөнүн жазып чыкты. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду кызматынан чакыртып алууну “Өнүгүү-Прогресс” фракциясына сунуштаганын, бул боюнча коллегаларынан колдоо табарын да кошумчалаган. 

Буга чейин спикер Жумабеков эл ичинде, соцтармактарда сабатсыздыгы үчүн сынга кабылып, кала берсе, анын улам “мүдүрүлгөнү” өнөкөткө айланып калган да. Ал ээлеп отурган кызматына даяр эмес экенин, тажрыйбасы жетпегенин көрсөттү. Бийликтин рейтингин көтөрүүгө Жумабеков салым кошкондун ордуна өзүнүн алапайын таппай, дайыма кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуп келатат го? Эл билет, алешемдиктин баарын кайталоонун кажети жок. Бекеринен “Чимкирик парламент” аталды дейсизби?..

Натыйжада, Исхак Масалиев мезгилдин күрөө тамырын кармап, туура маалда төраганы алып түшүүгө киришкенин көпчүлүк кубаттай баштады. Анын мындай демилгеси чоң саясый упай алып келет. Масалиев максатына жетеби, жетпейби, ал экинчи маселе. Эң башкысы, ал көрөгөчтүк кадам жасады. Жок дегенде бир акыл-эстүү адам баш көтөрүш керек болчу да!

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер