Бакыт Бакетаев: “Конституциядагы көп нерселер президенттин пикирине каршы келүүдө”
-- Human Rights Watch уюму сунушталып жаткан Конституцияда адам укутары жөнүндө нормалар бузулганын белгилеп, анын кайра каралышы керектигин айтууда. Эгер бул билдирүү көз жаздымда калса кандай болот?
-- Жаңы Конституциянын долбоорунда адам укуктары бузулганын ал уюм айтпаса деле биздин жарандар дээри менен сезип атат. Кыргызстанда укук абдан бийик деңгээлде тараган. Ошондуктан, укук маселесинде элди алдаш өтө татаал акыбалга алып келиши мүмкүн.
-- 1993-жылкы Башмыйзамды кабыл алуу туура чечим болорун дагы айтышууда. Буга кандай карайсыз?
-- 1993-жылы жазылган Конституция ак дилден, чын жүрөктөн жазылган. Анткени, ал кезде кандайдыр бир саясый, олигархтык жана башка кызыкчылыктар жок болгон. Бул Башмыйзам башка Конституцияларга үлгү, пайдубал болуп бере алат.
-- Сунушталган Башмыйзамдын авторлору дагы табылбай жатат го? Өлкөнүн эң баалуу делген документин татыктуу иштеп чыкчулар жокпу?
-- Бул Конституцияны кабыл алууда коркунучтар, мүчүлүштүктөр көп. Ошон үчүн муну кабыл албай коё туруу керек. А негизи азыркы Конституциянын долбоору эч бир депутаттыкы эмес. Тарыхты карасак, бардык Конституцияларды чындыгында ким жазганын билбейбиз. Мисалы, 2010-жылкы Башмыйзам Текебаевдики болуп калды. 1996-жылкы Акаевдики деп аталды. 2006-жылкы Бакиевдики болду. Бул сапар дагы Конституциянын ээси, автору Садыр Жапаров болуп калат. Ошондуктан президент өзү аны карап чыгышы керек. Анткени, андагы көп нерселер президенттин ой-пикирине карама-каршы келип атат.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити