Канат Жумагазиев Бишкек шаарына мэр болсо, бийликтин бедели көтөрүлмөк
Чүй облустук администрациясына тартип орнотуп, дээрлик башкарууну ыраатка салган Канат Жумагазиевдин ишмердигине ыраазы болгондор арбын. Кыска аралыкта мамлекеттик жетекчи кандай иштөө керектиги боюнча үлгү көрсөтүп койду. Өкмөт тарабынан да аракети жакшы бааланууда. А эң башкысы, Сары Өзөндү өнүгүү жолуна салганы, экономикалык, социалдык көйгөйлөр чечиле баштаганы да жашыруун эмес. Ириде өндүрүш, жумуш орундары камсыздалса, билим берүү, саламаттык сактоо тармактары да жөнгө салынат. Ток этерине келсек, Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев башка кесиптештеринен алдыга озуп кетти. Ичтардык кылбай, убагында адилет баалаганды да үйрөнөлү. Мындай шартта каарманыбыздын билимин, тажрыйбасын пайдалануу зарыл. Анүчүн Бишкек мэрлигине дайындалса, “чоң базарга” айланып бараткан калаабызда кескин түрдө өзгөрүүлөр башталмак. Канат мырза ишбилги губернатор катары аттын кашкасындай таанылды. Эми шаарды оңдосо, элибиз баа берип, бийликтин дагы бедели көтөрүлмөк...
"Азия Ньюс" гезити