Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Экологиялык миграция – өлкөбүздөгү чечилбеген көйгөйбү?

Экологиялык миграция – өлкөбүздөгү чечилбеген көйгөйбү?

16-июль, 08:00
303 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экологиялык мигранттар – айлана-чөйрөнүн күтүлбөгөн же прогрессивдүү өзгөрүшүнөн улам жабыр тарткандар, алар туруктуу жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон адамдардын топтору. Бул катмарда өз өлкөсүнүн ичинен орун которуп, же чет өлкөгө көчүп кеткендер арбын кездешет... 


“Өкмөт кыйынчылыктарга эч кандай чара көрбөйт”

Каныбек Ош облусунун Ноокат районунун тургуну. Анын «Алтын-Казык» конушунда 6 сотых жер тилкеси бар. Ал полигондун жанында жайгашкан. Өзү “Дордой” базарында жүктөгүч болуп иштейт. Кичи мекениндеги жагымсыз экологиялык кырдаалдан улам Бишкекке көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

«Кичи мекеним Кара-Таш айыл аймагында жайгашкан. Ал жерде менин 12 сотых участогум бар, бирок жашоого мүмкүн эмес. Анткени какыраган ээн жер, суу жок. Балдар үчүн мектеп да салынган эмес. Эгин себүү үчүн талаалар да жок. Союз убагында а жерге тамеки эгилген, андан кийин участокторго бөлүнүп, себүүгө талаа калбай калган. Ар кимдин 12 сотыхтан үлүшү бар, ага эмне кылса болот? Бир эле үй менен сарайды кой, жайыт да жок болгондуктан, мал багып, санын көбөйтүү мүмкүн эмес. Анүстүнө сел, жер көчкү көп кайталанат. Өкмөт суу ташкыны болуп кеткенде гана келип, эл менен жолугат, бирок эч кандай чара көрбөйт. А бул жерде тиричилик кылып, жашап жатабыз. Полигон жабылып, зыяндуу жыттын жок болоруна ишенем» дейт ал.


“Борбор Азияда табигый кырсыктар күчөй берет”

Экологиялык миграция маселеси дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да барган сайын арбып баратат. Дүйнөлүк банктын божомолуна караганда, 2050-жылга карата Борбор Азиядагы климаттык мигранттардын саны 2,5 миллион адамга жетет. «Борбор Азия климаттын өзгөрүшүнө карата алсыздыгын азыртадан эле көрсөтүүдө. Климат огобетер кургак болуп баратат, бул аймактын айыл чарбасына терс таасирин тийгизүүдө. Жакынкы келечекте биз жердин деградация процессинин күчөшү, мөңгүлөрдүн чөлгө айлануусу жана эриши, табигый кырсыктардын көбөйүшү сыяктуу глобалдык жылуулуктун аймактык кесепеттерине күбө болушубуз мүмкүн» деп айтылат банктын отчетунда.


“Мамлекеттик деңгээлде каралбай калган маселе”

Миграция боюнча эксперт, «Прогресс фонд» уюмунун төрагасы Самат Токтоболотов (мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары) Кыргызстанда климаттык миграция маселеси көптөн бери көтөрүлбөй же көз жаздымда калып келгенин айтат. «Негизинен эмгек миграциясы, экономикалык жана билим берүү тармагына артыкчылык берилет. Ошондуктан, климаттык себептерден улам өлкө ичиндеги миграция көйгөйлөрү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын деңгээлинде өзгөчө көтөрүлгөн эмес» дейт ал.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер