Алаңгазар Темирболот Абыкеевдин иш билбегенине УКМК төрагасы да нааразы
Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев алдастап, көптөн бери уят болуп келүүдө. Элдин жүгүн тарта албай, артынан сын-пикирди курчутуп, тамтаңдап жатса да, жогорку бийлик чечкиндүү кадамга барбай келет. Эмне үчүн иш билбеген акимди кетиришпейт? Жергиликтүү калк нааразы. Жакында эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Сууга барганын, жумушчу сапарындагы бир үзүм көрүнүшүн көрдүк. Маселе жараткан он гектар жердин планы боюнча УКМК төрагасы эң жөнөкөй суроолорду Абыкеевге узатса, кашайып анысы чанжырап, ынанымдуу жооп узатканга жарабады. “Аким, жөн эле жүрөсүң, өзүң айта албайсың, билбейсиң...” деп Камчыбек Ташиев каарып өттү. Жарым миллиондой калкы бар Кара-Суу районуна ушундай чала сабат Темирболот Абыкеевди башкартып, кантип карап отурушат? Эксперимент жүргүзүүнүн да чеги болбойбу? Көпчүлүк көчүгү менен күлүп аткандай...
"Азия Ньюс" гезити