Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Экс-ажолордон Атамбаевдин саясый таасири жогору

Экс-ажолордон Атамбаевдин саясый таасири жогору

06-июнь, 23:05
638 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кызматтан кеткен беш президенттин бүгүнкү күндөгү абалына азыноолак токтоло кетели. Убагында баары таасирдүү болот экен. “Булут челип, муз бүркүп” дегендей. А тактан тайган соң, кадимки бир пенде...

Аскар Акаев “ийне менен кудук казып”, илимге баш-оту менен кирип кеткен. Москванын абройлуу Ломоносов атындагы университетинде лекция окуйт. Элибизге жүзү жарык, жыл сайын Кыргызстанга келип-кетип жүрөт. 

Курманбек Бакиев кан төгүп качкандан бери Минскиде башкалкалап, туулган жерине буту баспай, жек көрүндү болуп калганы чындык. Экс-президенттердин ичинен өтө оор кылмыштарга батканы да ушул...

Роза Отунбаева башчыларыбыздын эң тазасы. Себеби, бир жарым жыл гана мамлекетти башкарган. Ар дайым калыс, адилеттүү пикир айтканы менен коомчулуктун эсинде. Учурда БУУнун Афганистандагы өкүлү катары эмгектенүүдө.

Алмазбек Атамбаев түрмөдөн кандай гана кордуктарды көрсө да “сынбай”, кечирим сурабай, чыныгы “көкжалдыгын” далилдеди. Испанияда дарыланып, эс алып жүргөнү менен Кыргызстандагы саясый таасири баарынан жогору. Артында калың электораты бар. “Социал-демократтар” партиясы эл менен тыгыз байланышта иштешип атат. Душмандарынын корккону эле ушул: “Атамбаев кайрадан реванш албайбы?” деген санаркоо...

Сооронбай Жээнбеков бийликке досунун аркасы менен келип, бирок саткынчылык кылып, тарыхта кара так менен калганын кантип жашырабыз? Артындагы көп кыңыр иштери ачыкталбай, бүксүп жатат. “Ырымдаган күн” бүтсө, узакка созулган сурактар башталса керек...

Ток этерине келсек, инсанды баалоодо бир сөз же эки сүйлөм менен деле сыпаттасак төп келише берет. Китеп жазганга чейин. Азырынча ушундай. Эмесе, мезгилдин удулуна жараша саясатчыларга баа берип, талдоо жүргүзүп турмакчыбыз.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер