Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Мидин уулу, юрист: “Люстрация табыгий жол менен жүрүп жатат”

Канат Мидин уулу, юрист: “Люстрация табыгий жол менен жүрүп жатат”

18-январь, 11:24
1 320 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жаңы шайланган президент элдин үмүтүн актай алабы, ишенесизби? 

-- Албетте, адам болгон соң жакшы үмүт кыласың. Ал үчүн эскилердин каталарын кайталабай, чын дили менен мекен үчүн күнү-түнү иштеп берсе эле, менимче, жакшы болот. Бирок үмүт, ишеним, кыялдан тышкары адамга максаттарды ишке ашырыш үчүн так план, татыктуу команда да керек. Көйгөйлөр баардыгына белгилүү. Болгону аларды чечүүдө туура жол картасы керек. Көрөңгөлүү эл билет, демек, жөнөкөй адамды мынча көтөрбөйт эле. Ошол үчүн ишеним бар. 

-- Шайлоонун жыйынтыгын Адахан Мадумаров тааныбай турганын билдирди. Анын айткандарына таянсак, шайлоо жүрүшүндө бурмалануулар болдубу? 

-- Мен өткөн парламенттик шайлоого катышкам жана андан кийинки окуяларга да аралашып калдым. 2017-жылы да президенттик шайлоодо активдүү негизги талапкердин бирин сүрөгөнбүз. Ошондуктан, жеке менин пикиримде, бул шайлоо аларга караганда бир топ таза өттү. Бирок, келечекте оңдой турган нерселер да бар. Бул жолу алар жалпы шайлоо жыйынтыгына таасир эткен жок. 

-- Мелис Аспековдун пара алууга айыпталганы, кармалышы боюнча эмнелерди айта аласыз?

-- Ким болбосун мыйзам алдында бирдей болушу шарт. Бул – укуктук мамлекеттин негизги принциптеринин бири. Эгер күнөөсү болсо, жоопко тартылышы керек, жок болсо акталсын. Бирок, аны биз эмес, сот чечет. Мурунку бийликтегилердин чоң катасы – коррупция менен күрөштү тандалма жүргүзүшкөн. Аларды жактасаң жүрө бересиң, каалаганыңды кылып... Каяша сөз айттыңбы, чабыласың.   

-- Кыргызстандын саясый элитасында кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? 

-- Менимче, 5-6-октябрдагы окуялар жана бул шайлоонун жыйынтыгынан улам  табыгий люстрация жүрүп аткандыгын көрсөк болот. Таза шайлоонун жыйынтыгы – саясатчынын коомдогу салмагын көрсөтөт. Келечектеги парламенттик шайлоо да таза өтсө, бизде саясый элита өзүнөн-өзү жаңыланат.

-- Экономикалык кырдаалды эске алсак, эйфориядагы элдин үмүтү стабилдүүлүк калыпка түшмөйүнчө өчүп калбайбы?

-- Негизи президент жана анын командасы таза болсо эле, бюджетти жакын арада бир-эки эсе көбөйтүп койгонго мүмкүн (!) деп ойлойм. Бизде жылдап иштеген схемалар чиновниктердин жеке чөнтөктөрүн толтуруп, мафиялык структураларды байытып келатат. Бул жактан чечкиндүү кадамдар ташталса эле жакшы өзгөрүүлөрдү сезе баштайбыз. Ал эми андан кийин өнүгүп аткан мамлекеттердин катарына кириш үчүн системдүү реформалар керектелет. Мисалы, сот системасында, укук коргоо органдарында жана башка тармактарда.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер