Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийликтин аброюн кетирүүгө салым кошкондор – Нурлан, Элдар Сулаймановдор...

Бийликтин аброюн кетирүүгө салым кошкондор – Нурлан, Элдар Сулаймановдор...

01-май, 20:22
481 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коррупцияга айыпталган Нурлан Сулаймановдун баласы Элдар маалы менен парламенттен сүйлөп, тыңсынып, маек да берип калат. Коомчулукка акыл айтып, жаттап алган сөздөрүн божурайт. Көпчүлүктүн кыжыры кайнап атканын билбейби? Атасы Нурлан Сулайманов 200 миллион сомдон ашык сумманы “жеп” кетүүгө айыпталып, кылмыш иши козголуп, качып жүргөнүн кантип унутабыз? Жылдар өтүп кетсе эле көмүлүп калбайт да. Кандуу Бакиевдин режиминде бир канча жыл министр болгон эргул өмүр бою мамлекеттик “майталкан” кызматтарды минип, аягында олгархка айланып чыкса, кантип кечирип коёбуз? Убагында башкы прокуратура тарабынан факт жүзүндө кылмыш иши ачылып, коомчулук дүңгүрөгөнү эсибизде. Эми ушундай адамдын баласы Элдар Сулайманов акыл үйрөтүп, Жогорку Кеңеште отурат. Элди шылдыңдаган кербездериби? Жүз миңдеген миллиондорду чапчыган бизнестери гүлдөп жатат. Тойбой коюшту. Айтор, бийликтин аброюн кетирүүгө, сокку урууга чоң салым кошкондор – Нурлан, Элдар Сулаймановдор... 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер