Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талант Мамытовдун мойнунда чоң кепилдик турат

Талант Мамытовдун мойнунда чоң кепилдик турат

04-декабрь, 11:24
1 036 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башында саясый туткун ким экенин чечмелейли. Эгерде саясатчы, коомдук ишмер, журналист, жарандык активист бийликке каршы, оппозициячыл оюн билдирип, айтып, камалып, куугунтукталса, аны саясый туткун катары таанып-билишибиз керек. Ал эми ошол инсандар качан, кайсы президенттин убагында камалганы – бул экинчи маселе. Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров, Талант Мамытов президент болушкан учурда адилетсиз камалып, абакта отурган саясатчылардын баарын бирдей саясый туткун катары карашыбыз керек. Мисалы, ошол эле Текебаевдин азыркы убакка чейин акталбаганы – түздөн-түз азыркы бийлик – Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун жоопкерчилигинде! 

Кыргыздын жаңы тарыхында ар бир президент өз бийлигин бекемдеш үчүн саясый куугунтук жүргүзүп келген, өзгөчө бул ыкма шайлоо же референдум алдында күчөгөн болчу. Азыр да ошондой болуп жаткандай шекилдүү. Мисалы, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановго карата соттун саясый чечимдеринин айынан ушул убакка чейин акталбагандыктан, президенттик шайлоого катыша албай калышты. Ошону менен ал саясатчылардын Башмыйзамдагы негизги укугу бузулду. Бул жагдай 10-январдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жол ачат! 

Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Аида Салянова, Дастан Сарыгулов, Марат Султанов, Бекболот Талгарбеков, Тойгонбек Калматов сыяктуу саясатчылардын соттук иштери создуктурулуп, ошол эле учурда Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Камчыбек Ташиевди актоодо соттор тездик менен иштегени – кайрадан эле соттор кош стандарттуу принцип жүргүзүп келгенин далилдейт. Өзгөчө соттук система кескин реформага, тазаланууга муктаж экенин көрсөтөт.

Эгерде Жапаров, Мамытов, Ташиевге элдин толкуну менен акыйкат жетсе, башка саясый туткундарга дагы акыйкат бирдей жетиши керек! Жаңы бийлик убада берген жеке өч алуудан кол үзүү так ушундай болушу шарт!

Ошол эле Кой-Таш иши боюнча мыйзамсыз чабуулга буйрук бергендер эч кандай жоопкерчиликке тартылбай, Канат Сагымбаев сыяктуу накта офицерлер абакта отурганы – адилетсиздиктин туу чокусу!

Ошондуктан убактылуу президент Талант Мамытов муну өзүнүн жеке көзөмөлүнө алып, саясый иштерди ачык, калыс, тездик менен каралышына кепилдик бериши абзел! Бул иштер президенттик шайлоого чейин бүтүш керек. Ошондо гана биздин шайлоонун жыйынтыгын негизги ички жана тышкы оюнчулар тааныйт. Буга оболу азыркы бийлик кызыкдар болушу абзел!


Адил Турдукулов

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер