Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Конок Өскөнбаев жасалма диплому менен ИИМде тайраңдай береби?

Конок Өскөнбаев жасалма диплому менен ИИМде тайраңдай береби?

05-ноябрь, 21:13
1 696 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ИИМдин “көзгө басарлары”, полковниктер Талант Акматов менен Конок Өскөнбаевди буга чейин сындап жазсак, “Азия Ньюсту” катар-катар сотко беришип, кутуруп келишкен. Качып кеткен шефи Кашкар Жунушалиевге таянышчу. Натыйжада, кайрадан былык иштери чубалчудай. Али кеп алдыда.

ИИМдин ички иликтөө башкармалыгынын орун басары Конок Өскөнбаевдин диплому жасалма экени айтылып, соцтармакта талкууга алынып келген. Береги көчүрмөгө абай салсак, “каарманыбыз” Бишкек политехникалык институтту бүтүрүптүр. Көрүнүп тургандай, 1982-жылы 1-курска кирет да, 1987-жылы окууну аяктайт. Кызык, ал кезде Фрунзе шаары эмес беле? Бишкек деген атылышты кайдан жаздырып алган? Сыягы, Конок Өскөнбаев 1990-жылдардан кийин дипломду сатып алса, кашайып, кайырмакка илиниптир да, жылдарды артка жазганы менен берки жагы окшошпой калып жатпайбы, туурабы? Агезде “Фрунзе политехникалык институту” деп жазылчу. Айтор, бул жагынан ашмалтайы чыгып калыптыр. Эмне үчүн жасалма дипломдун ээси Конок Өскөнбаев ИИМде жооптуу кызматты бир канча жылдан бери аркалап, алдаркөсөдөй элдин көзүн будамайлап келген? Мындай көрүнүш кечиримсиз да! УКМК, башкы прокуратура дал ушул факты боюнча иликтөөгө алышып, тийешелүү жазасын беришеби? Же “карга карганын көзүн чокубайт” дегендей, кылмыштуу көрүнүштү көрмөксөнгө алышабы? Коомчулук күбө болууда. Качанкыга чейин шектүү адамдар тайраңдай бериши керек?..


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер