Акыркы кабарлар
» Саясат » Нурланбек Шакиев демөөрчүсү Айбек Осмоновдун мандатын сактай албады
Нурланбек Шакиев демөөрчүсү Айбек Осмоновдун мандатын сактай албады
26-март, 19:30
569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Октябрь төңкөрүшүнө чейин Нурбек, Айбек Осмоновдор азыркы төрага Нурланбек Шакиевди колдошуп, офис жана акча жагынан камсыз кылып турушканбы? Кембагал кейиптенген журналистти көтөрмөлөп келишкени айтылат. Бирок, кээ бир пенделер үчүн жашоодо жакшылыкка татыктуу мамиле, колдоо деле көрүлбөйт тура. Маселен, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кесиптеши, кечээги демөөрчүсү Айбек Осмоновдун мандатын сактап кала албады го? Кызык. Бүгүнкү кумары, төрагалык креслосу баардык баалуулуктарды тебелеп, адамгерчиликсиз багытка бурдубу? Жалган дүйнөнүн миң кырдуу оюндарыбы? Негизи ушундай адамдардан абайлаш керек ойшойт.
"Азия Ньюс" гезити