Пандемиядагы гумжардамдар уурдалганбы? Соке, Айдарбеков жана Сыдыков суралса...


Элдин эсинде. Эки жыл катары менен кайгы бастырган пандемиядагы жоготуулар унутула элек. Калк ичине кара так катары сакталып калды окшойт. Сооронбай Жээнбековдун шалаакылыгы, чечкинсиздиги, кайдыгерлиги каран күн түшүрбөдү беле? Командасы да өзүнө окшогондор эле. Баса, өлүмдөрдүн көбөйгөнүнө ар кандай диагноз койдурушуп, жашырып-жабышканычы? Ал эми чет өлкөдөн келген гуманитардык жардамдарды, дары-дармектерди бизнес кылышып, элге таратпай өздөрү майкандашканбы? Агездеги тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Данияр Сыдыков сыяктуу чиновниктер Соке менен биргелешип, элдин энчисин уурдашканбы? Бул боюнча орган тарабынан текшерүүлөр жүрсө, былыктары оркоюп чыгабы? Эсибизде, эзилгендердин убалы уктатпай, Соке көпкө узабай, бийлигинен Октябрь төңкөрүшүндө кулап түшкөн. А кыянаттыгы үчүн жооп бериш керек да. Ошол эле Айдарбеков, Сыдыков баш болгон чиновниктер жазасын алышпайбы? Убакыт бар, тергөө башталса көп кыңыр иштер ачыкталмак эле.
"Азия Ньюс" гезити











