Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Сооронбай Жээнбековдун колу-бутун кайрып, камап салса болот”

“Сооронбай Жээнбековдун колу-бутун кайрып, камап салса болот”

01-март, 23:07
542 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сооронбай Жээнбековду экс-президенттик макамынан ажыратып, жоопкерчиликке тартууга негиз барбы?

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:

-- Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамын ала турган убакыт келмек турсун, ашып кетти. Аны биз 2020-жылдан бери күнөөсү тоодой экенин айтып, сотко да чакырып жатабыз. Акылбек Түмөнбаев айткандай, пандемияга эле күнөөлүү эмес. Сооронбай Жээнбеков пандемиядан мурун Кой-Таш окуясына жооп бериши керек. Кой-Таш окуясында 2000ге чукул киши ур-тепкиге алынып сабалган. Арасында майып болгондор да бар. Кыскасы, Сокенин күнөөсү көп. Ал Кой-Таш окуясы, пандемия, анан Октябрь окуясындагы башаламандыкка да жооп бериши керек. Анткени, анын шалаакалыгынан Үмүт деген чырактай жигит каза болгон. 

 Масштабдуу коррупцияга каршы күрөш жүрүп жаткандан кийин муну сөзсүз жоопко тартуу зарыл. Чынында анын экс-президент деген макамы деле жок. Себеби, президенттик мөөнөтүн толук иштей алган эмес. Эл тарабынан куулду. Ошон үчүн Жогорку Кеңеш экс-президент макамын алабыз деп убараланбай эле Камчыбек Ташиев жетектеген кызматтын ак бусигин айдап келип, спецназдар колу-бутун кайрып алып кетип, камап салса боло турган эле жерде. Аны бүгүн аяган менен менен чачтан көп күнөөсү үчүн эртеби-кечпи жооп берет. Ошон үчүн убакытты өткөрбөй жазалаш керек.

Рыскелди Момбеков, экс-депутат:

-- Биринчиден, Сооронбай Жээнбековго экс-президент макамы берилген эмес. Андай жобо да, мыйзам дагы жок. Ал мөөнөтүнөн мурун өз арызы менен кызматтан кеткен. Ошон үчүн ага экс-президент деген статус берилбеши керек болчу. Мыйзамсыз иретте макамды, айлыкты алып, мамлекеттик сый-ургалды көрүп, негизсиз жашап жатат.

Мен экс-президент деген макамды кайсы мыйзам менен кантип ажыратканы жатышканын түшүнбөй турам. Эгер ал берилбеген болсо. Негизи мурдагы мыйзамдар мөөнөтүнүн этегине чыкпаган президенттерге иштебеши керек эле. Президенттик мөөнөтүнүн аягына чыкпаганы үчүн Сооронбай Жээнбеков экс-президент деген статусту албашы керек болчу. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралганда, негизги айыбын угузуп, депутат эмес башкы прокурорбу же күч органдарынын бирөөсү айтышы керек да. Кандай болгон күндө да ага 2020-жылдын 4-6-октябрдагы жана Кой-Таш окуясы, ошондой эле шалаакылык, жоопкерчиликсиз мамиле кылганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартса болот. 2020-жылдын 4-6-октябрында адам өмүрү кыйылып, канчалаган материалдык, моралдык зыяндар боюнча жоопко тартууга толук негиз бар (!) деп эсептейм. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер