Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кабай Карабеков: “Абалды оорлотуу үчүн Жекшенкуловду кызматтан алганбы?”

Кабай Карабеков: “Абалды оорлотуу үчүн Жекшенкуловду кызматтан алганбы?”

20-октябрь, 18:43
676 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Москва менен Бишкекте мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан бошотуусу таңкалуу менен кабыл алынды. Мындай кадрлык чечим жаңы өкмөт, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго эл аралык коомчулуктун кабыл алуусу керек болуп турган учурда, өзгөчө Россия Федерациясынын колдоосунун муктаждыгы жаралып турганда кабыл алынды. Белгилүү болгондой, бизде саясый туруктуулук орномоюн, Россия финансылык жардамды токтотту. Так ушундай маалда мурунку бийлик дипломатиялык каналдарга жолтоо болчу чечимди кабыл алышты. Учурдагы жаңы министр Руслан Казакбаевди дагы кыйын абалга коюп коюшту. Анткени ал азыркы маалда баардык сүйлөшүүлөрдү Москва менен телефон аркылуу гана жүргүзүүгө мажбур. Мамлекеттер аралык мамилелер – бул өтө сейрек, ичке материя, б.а. “жети өлчөп, бир кескенди талап кылган багыт, шашылыш чечимдер кабыл алынбаган тармак. Тышкы саясат да ички саясаттай болуп туруктуулукка муктаж. Ал эми Бишкек менен Москвада жогорку орду бар Аликбек Жекшенкулов менен болгон окуя туура эмес болуп калды. Жекшенкуловдун ишбилгилиги, аракетчилдигине эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн гана деңгээлинде эмес, жөнөкөй жарандар дагы жакшы деген баа беришүүдө. Өзгөчө эмгек мигранттарыбыз апаат учурундагы иши үчүн элчиге алкыш айтып жүрүшөт. Кеткен бийлик шашып жатып, кырдаалды мындан ары дагы курчутуу максатында жана бийликтин абалын оорлотуу максатында кылганбы?” деген божомол да пайда болуп калды. Өздөрүнүн чечимин актоо үчүн кызматтан алынышына кызыкдар болгон тараптар ЖМКларга “элчи мамлекеттин кызыкчылыктарын сатты” деп жатышат. Ага негиз кылып, “ЕАЭБдин Еравандагы жыйынына А.Жекшенкулов макулдашпай туруп кетип калган” деп айтылууда. Тактоо иретинде айта кетүү керек, элчинин Ереванга баруусу өкмөт тарабынан уруксат берилген. Андан тышкары, Жекшенкулов Кыргызстандын Армениядагы да элчиси болуп саналат. Ошондуктан, ал ошол жыйынга катышуусу керек болчу. Бизде шайлоодон кийинки окуялардан соң, өкмөттөн бара турган делегация барбай калып, элчи жалгыз Кыргызстандын өкүлү болуп туруусу түздөн-түз анын милдети эле. Бирок ал жыйында элчи тарабынан эч бир расмий документке кол коюлган эмес...” деп Кабай Карабеков жазган.


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер