Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бул жүрүшү менен Айбек Жунушалиев кызматында көпкө кармалбай калды окшойт

Бул жүрүшү менен Айбек Жунушалиев кызматында көпкө кармалбай калды окшойт

22-февраль, 21:51
465 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

16-февралдан бери аба ырайы кескин өзгөрүп, суук күчүн кармап турат. Мындай шартта Бишкектеги көп кабаттуу үйлөргө кыйын эле болду. Жарылган ТЕЦтен жарытылуу жылуулук келбей, үйлөр сууктап, салкын тартып, элдин маанайын түшүргөнү ырас. Барган сайын салык, коммуналдык төлөмдөр көтөрүлүп атат. Ошого жараша элге шарт түзүп беришпейби? Аныгында, жылуулук камсыздалбаганына көпчүлүктүн ичи чыккан жок. Жолу болбогон Айбек Жунушалиев экинчи ирет Бишкек шаарын башкарып, натыйжалуу ишин көрсөтө албай келүүдө. Эң кур дегенде борбордогу тротуарларды тоңгон муздан тазалатып койсо не? Убагында чыгарылбаган акыр-чикирлерге коомчулук деле көнүп бүттү окшойт. Эң жөнөкөй милдеттерин аткара албаса, анан кайдагы ири долбоорлорду кеп кылабыз? Кыскасы, шаардыктардын жинине тийүү менен бийликтин аброюна шек келтирүүдө. Бул жүрүшү менен кызматында көпкө деле кармалбай калды окшойт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер