Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Акаев 75 жашта! Дээрлик он беш жыл өттү. Кайтып келишиңизди күткөндөр бар...

Аскар Акаев 75 жашта! Дээрлик он беш жыл өттү. Кайтып келишиңизди күткөндөр бар...

08-ноябрь, 13:46
1 496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

10-ноябрда Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев 75 жашка толот. Бул датага карата өткөн күндөрдүн шоокуму менен эл жүрөгүндө калган юбиляр боюнча биздин редакцияга түрдүү пикирлер, каалоолор келип түштү. Окурмандарга алардын айрымдарын сунуштайбыз.

Эсен ИСМАИЛОВ, КР эл артисти, Жогорку Кеңештин экс-депутаты:

-- Биз Аскар Акаевди дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу эле эмес, эң алгач Кыргызстандын тунгуч президенти катары баалайбыз. Анын билиминин, көрөгөчтүгүнүн жана зор аракетинин натыйжасында эгемен мамлекет түптөлдү, зарыл реформалар жүргүзүлдү, өнүгүүнүн демократиялык негиздери калыптанды. Акаев өлкөбүздө тынчтыкты жана улуттар арасындагы бекем ынтымакты орнотуп, сактап келди. Анын демилгеси менен уюшулган Кыргызстан элинин ассамблеясы токсонго жакын улуттарды бириктирген жыйырмадан ашуун улуттук-маданий борборлорунан туруп, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келе жатат. Аскар Акаевди 75 жыл мааракеси менен куттуктайм!

Төлөбай ЭРЕКЕ, кинорежиссер:

-- Аскар Акаев 75 жашта! Дээрлик он беш жыл өттү... Эсил кайран СССРди титиреткен ГКЧПда өз позициясын тайманбай коргоп, эгемендүүлүккө чыйыр салган Акаев. Чыныгы демократиялык шайлоо уюштуруп, жеңип чыккан тунгуч президентибиз. КМШ алкагында биринчи болуп Кыргызстан өз валютасына ээ болду. Ошол кездеги Токтогул Сатылгановдун бейнеси түшүрүлгөн жүз сомдук купюранын куну азыркы жүз доллардай болчу. Аскар Акаев дүйнөлүк держава Кытай менен чек арабызды толук чечип алууга жетишти. Ош--Бишкек жолу жаңыланып, түндүк-түштүк алакасы бекемделди. Ордолуу Ош шаары экинчи борборго айланды. Эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөгөн, Бириккен Улуттар Уюмунда Кыргызстандын желегин желбиреткен тунгуч президентибиз Аскар Акаев Ала-Тообузга кайтып келсин! 

Марат САРУЛУ, КР эл артисти, кинорежиссер:

-- Урматтуу Аскар Акаевич! Сизди 75 жаш кутман курагыңыз менен куттуктап, дал ошол датадан баштап сиздин жашооңуздагы жаңы этаптын башталышын каалайм. Сиз сүйүктүү мекенибиз Кыргызстанга кайтып келип, кыргыз элибиздин руханий жаңылануусуна, илим-билиминин өнүгүшүнө өз салымыңызды кошот деген үмүттөмүн. Сизге чың ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! 

Миталип МАМЫТОВ, Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик: 

-- Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов кыргыз элин адабият жаатында дүйнөгө таанытты. Ал эми илим жаатында ошондой ишти жасаган кыргыз уулу – бул Аскар Акаев. Мен өзүмдү нейрохирургияда практиканын туу чокусун багындырган адисмин деп эсептейм. Акаев болсо голографияда илимдин туу чокусун багындырган. Голография да, нейрохирургия да өзгөчө, татаал илим багыттары болуп эсептелишет. Аскар Акаевдин Москвадагы соңку он беш жылдагы илимий эмгегине кызыгып көрдүм. Буга анын Азия континенти боюнча Нобель сыйлыгынын аналогу Гузи сыйлыгына, Нобель сыйлыгынын лауреаты Саймондун алтын медалына ээ болушу, атактуу Лондон математикалык коомуна мүчө болушу жана Россиянын илимине кошкон салымы үчүн бир нече алтын медалдарды алышы далил боло алат. Аскар Акаев бүгүнкү күндө дүйнөдөгү алдыңкы он окумуштуунун катарында турганы биз үчүн өтө сыймыктуу факт. Ал багындыра элек жалгыз Нобель сыйлыгы гана калды. Буюрса, аны да алат деп ишенебиз.

Ошону менен бирге Аскар Акаевдин эгемен кыргыз мамлекетин түптөөдөгү зор эмгегин биз унутсак да тарых унутпайт. Мен Акаевди кыргыз элине эмгек сиңирген жагынан да, анан куугунтукталган жагынан да кыргыздын улуу инсандары Исхак Раззаков менен Турдакун Усубалиевге салыштырам. Белгилеп кетсем, Раззаковду да, Усубалиевди да Аскар Акаев президент кезинде реабилитация жасаган. Эми ушундай улуу инсанды «Кыргызстанга кайтып келсин. Ага бийлик уруксат бериш керек» деп жаткандарга, албетте, рахмат. Мына, «биз парламенттик өлкө болдук» деп жатабыз. Демек, азыркы Жогорку Кеңештин депутаттары Аскар Акаевди Кыргызстанга алып келүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүп, анын иш-чараларын бекитип, коомчулуктун өкүлдөрүн катыштырып, расмий тосуп алуусу зарыл. Ошондо мөөнөтү аяктап жаткан Жогорку Кеңеш кыргыз өлкөсү, келечек муун үчүн тарых алдында чоң иш аткарып кетмек. Кыргыздын улуу инсаны, тунгуч президенти Аскар Акаевди мааракеси менен куттуктап, анын Ала-Тоо жеринде өз эли менен бирге болушуна тилектешмин!


Аманбай САТЫБАЕВ, Ош облусунун ишкерлер бирикмесинин төрагасы:

«Аскар Акаев чыныгы элдик лидер» 

Акаевдей гумандуу, 

Тунгуч ажо,

Эл башчыдан,

Олуядай инсандан,

Акылмандар алды зээн,

Зергер кеңештер, 

Үлкөндүгү аска-зоолуу,

Ала-Тоодой эмгектер.

Мыкты агай, ажо агай,

Жаңы кылым 19-жылында,

Кутман курак жетимиш беш,

Улуу устаз дем берди,

Калыс куттуктоолор,

Жер шарына кут келди!

Алмаз ИСТАМБАЕВ, А.Малдыбаев атындагы кыргыз опера жана балет театрынын солисти: 

-- Урматтуу Аскар Акаевич! Биз, чыгармачыл адамдар, кыргыз элинин руханий жаңылануусуна кошкон сиздин зор салымыңызды эстен чыгарбайбыз жана баалайбыз. Сиздин урматыңызга неберемдин атын Аскар деп койдум. Ал да сиздей илим-билимдүү, интеллигенттүү жана маданияттуу инсан болсо экен (!) деп тилейм. Келе жаткан мааракеңизди чын жүрөктөн куттуктап, сиздин Кыргызстанга, өз мекениңизге тезирээк кайтып келишиңизге тилектешмин!

Дамир АСАНОВ, коомдук ишмер:

-- Аскар Акаевдин президент болуп калышы чоң мааниге ээ. Себеби, намыскөй кыргыз элинин, өзгөчө ошол өткөөл убакыттарда кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу саясый-экономикалык жактан маанилүү жасалган кадамдары бүгүнкү күндүн негизин түзөт:  

Москва жергесинде убактылуу жашаган кыргыз жарандары, эл-жерибизден алыс жүрүп, эмгегибиздин үзүрүн тилеп, өйдө-төмөн шарттарга учурап жүргөн жашообузда бизге караан болуп, акыл кеңешин айтып, илим-билимин тартуулап, илгери үмүткө жол көрсөткөн агайыбыз, жол башчыбыз – Аскар Акаев.                                                                                                                                     Аскар Акаевдин эмгекчил жаштар жана студенттер менен, мугалимдер жана илим жаатындагы изденүүчүлөр менен, деги эле жалпы эл менен жүргүзгөн жолугуушулары биз үчүн баа жеткис көз ирмемдер.                                                   

Жолдошбек ЖАНЖИГИТ уулу,Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын директору:

 -- Аскар Акаев – биринчиден, менин айылдашым. Экинчиден, мен орто мектепти бүткөндө А.Акаевдин “ХХI кылымдын кадрлары” деген программа менен Москвада театралдык окуу жайда окуп келдик. Ошону бүтүп келген КМШ боюнча биринчи жолу “Учур” телетеатры ачылып, ошол жерге өзү келип дипломдорду тапшырган. Анан мамлекеттик денгээлде он беш жылдык саясый башкаруусунда өйдө-төмөн болду. Анда биз бала болуп, көп нерсесин билген жокпуз. Бирок жыйынтыгында, менин жеке пикиримде, Акаевди окумуштуу катары, саясый дипломат катары өтө сыйлайм.

Мамлекетте убагында ар кандай окуялар болду. Бирок, негизи кыргыз эли айкөл эл. Тарыхта мындан да жаман нерселерди Манас атабыз баарын дос, чор кылып династия түзгөн. Ошол сыяктуу А.Акаев келсе, саясатта эмес окумуштуу катары колдонсок, кыргыз жаштарына билим, шык бермек. Бизге билими утуш болмок. Жалпы массаны алганда, Акаевдин келишине көп адамдар ынтызар, ал кишинин өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошушун каалайт... 

Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, экс-депутат:

-- Акаев көп реформаларды жасады. Биринчилерден болуп суверенитетти жарыялады. Улуттук акчаны киргизди. Жерди элге берди. Мамлекеттик менчиктин көбүн жок кылды. Ошол реформалардын негизинде тамак-аш товарлардын дефицити жок болду. Адамдардын көбү өз алдынча тың оокат кылганга үйрөнүп калышты. А Акаев бул реформалар менен бирге кемчилик кетирсе керек, бирок ага козголгон кылмыш иши жок болгондуктан эмне үчүн өз мекенине келе албайт? Акаевдин кеткенине он беш жылдай болуп калды. Демек, биз мыйзамдын үстөмдүгүнө эмес, дагы эле бийликтегилердин өзүм билемдиги менен жашап жатабызбы?..


Жамиля НУРМАНБЕТОВА    

"Азия Ньюс" гезити  





Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер