Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» №1. Күчтүү аймактар – күчтүү ѳлкѳ

«Биримдик» №1. Күчтүү аймактар – күчтүү ѳлкѳ

30-сентябрь, 12:18
541 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар бир  мамлекет ѳзүнүн аймактары менен күчтүү. Ал эми аймактардын күчтүүлүгү жалпы ѳлкѳнүн туруктуулугун, бейпилдигин камсыз кылат. Элинин басымдуу кѳпчүлүгү аймактарда жашаган Кыргызстан үчүн аймактарды экономикалык-социалдык жактан күчтөндүрүп, элеттеги элдин жашоо деңгээлин  жогорулатуу ѳтѳ чоң мааниге ээ. Аймактарды ѳнүктүрбѳй туруп ѳлкѳнүн ѳнүгүүсү, келечеги  жѳнүндѳ сѳз кылууга болобу? Албетте, жок. Аны «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы да жакшы түшүнѳт. Партия ѳлкѳнүн аймактарын ѳнүктүрүүгѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл бурат. Партиянын программасында аймактарды ѳнүктүрүү багыттары ачык-айкын, так белгиленген. 

«Күчтүү аймактар – күчтүү ѳлкѳ» – бул  «Биримдик» партиясынын   приоритеттик максаты. Партия бүгүнкү күндѳгү  аймактарды жана чек аралаш жерлерди ѳнүктүрүү саясатын улантууну кѳздѳйт. 

Бүгүнкү күндѳ  аймактарда ѳндүрүштү жандандырууу ѳтѳ зарыл болуп турат. Анткени, ѳндүрүш болсо жумуш орундары түзүлѳт, жергиликтүү бюджеттердин кирешеси кѳбѳйѳт. Ѳндүрүшсүз аймактарды ѳнүктүрүү мүмкүн эмес. Ал үчүн инвестицияларды тартуу саясатын жаңы деңгээлге чыгарып, аймактарга тартылган инвестициянын кѳлѳмүн эки эсеге кѳбѳйтүү максат кылынууда. 

Аймактарды ѳнүктүрүүдѳ жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдарынын натыйжалуу, максаттуу иш алып баруусу зарыл. Тилекке каршы, бул жаатта кѳйгѳйлѳр, чечилбей келаткан маселелер жетишерлик. Эң ириде административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу зарылдыгы бар. Мындай реформа сѳз жүзүндѳ кѳп айтылганы менен ишке ашырылбай келет. Ошондуктан «Биримдик» партиясы административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнү кѳздѳйт. Муну менен аймактарды башкаруунун натыйжалуулугун, ыкчамдыгын арттырып, ашык баш аппараттарды жоюп, бюджеттин миллиондогон ѳлчѳмдѳгү каражаттарын үнѳмдѳѳгѳ мүмкүн болот. Эң башкысы, аталган реформа ишке ашырылгандан кийин «артык кылабыз деп тыртык кылып алдык» деген абал түзүлбѳшү керек. «Биримдик» партиясы бул маселеге ѳтѳ олуттуу карап, тобокелчиликтерди  эске алуу   менен так планды  иштеп чыккан. 

Мындай реформанын натыйжасы менен жергиликтүү бюджеттин потенциалы жогорулап, жергиликтүү ѳзү-ѳзү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары күчѳтүлѳт. «Биримдик» партиясы “аймактарды ѳнүктүрүүдѳ жергиликтүү бийлик башчыларынын ыйгарым укуктары жетиштүү болушу керек деп эсептейт. Борбордук бийликтин гана кѳзүн карап отуруу иштин натыйжалуулугуна терс кедергисин гана тийгизет. 

Ошондой эле аймактарды ѳнүккѳн инфраструктурасыз элестетүү мүмкүн эмес. Социалдык объекттерди, жолдорду куруп, реконструкциялоо да партиянын программасында белгиленген. 

Сууга бай ѳлкѳбүздүн эли ичүүчү таза суу менен камсыз болушу керек. Бүгүнкү күндѳ «Таза суу» долбоору ишке ашырылып, алыскы айылдарга чейин таза суу жеткирилүүдѳ. Бирок, дагы деле жүздѳгѳн айылдардын жашоочулары  таза сууга муктаж. «Биримдик» партиясы 2024-жылга карата  ѳлкѳнүн бүтүндѳй аймагын таза суу менен камсыз кылуу маселесин ѳкмѳттүн алдына коюп, анын аткарылуусун ѳз кѳзѳмѳлүнѳ алат. 


«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер