Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» №1. Айнура Осмонова: “Чиновниктердин жоопкерчиликтерин күчѳтѳбүз!”

«Биримдик» №1. Айнура Осмонова: “Чиновниктердин жоопкерчиликтерин күчѳтѳбүз!”

26-сентябрь, 12:16
278 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда. «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын талапкери Айнура Осмонова да Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолушууларды ѳткѳрүүдѳ. Бул ирет талапкер Жалал-Абад шаарынын Розы Азимов кѳчѳсүнүн жашоочулары менен жолугушту. 

Жолугушууда талапкер Айнура Осмонова мамлекетти ар тараптуу ѳнүктүрүү үчүн талаптарды күчѳтүү зарылдыгын айтып, мамлекеттик чиновниктердин жоопкерчиликтерин арттыруу, башкаруу системасында реформаларды жүргүзүү керектигине токтолду. Анын айтымында, «Биримдик» партиясынын программасында мамлекетти башкаруу системасынын натыйжалуулугу боюнча бир катар багыттар белгиленген. Атап айтсак, программага ылайык, мамлекеттик башкаруунун сапатын арттыруу боюнча бирдиктүү борбор түзүп, ага жогорку макамды жана ыйгарым укуктарды берүү каралган. Ошондой эле электрондук башкарууну киргизүү үчүн «мамлекеттик машинанын» бүтүндѳй моделин оптимизациялоо, бирдиктүү электрондук башкаруу принцибине ѳткѳрүү, бийликтин баардык бутактарына элдин ишениминин индексин билип туруучу системаны ишке киргизүү ж.б. 

Айнура Осмонованын белгилѳѳсүндѳ, элдин бийликке болгон ишенимдеринин канчалык экенин билип туруунун мааниси чоң. Бул мамлекеттик башкаруу системасын мыктылап, кемчиликтерди оңдоп турууга мүмкүнчүлүк берет. 

«Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасына реформалар керек экендиги жашыруун эмес. Мамлекет натыйжалуу, туура башкарылганда гана ѳлкѳдѳ ѳсүп-ѳнүгүү болот. Экономикалык, социалдык ѳнүгүүлѳр кѳптѳн кѳп мамлекеттик башкаруу системасынан  кѳз каранды. Ошондуктан биздин партия мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуу иштѳѳсүнѳ чоң маани берет», - деди. 

Талапкер ошону менен бирге добуштарды сатпай, туура тандоо кылууга чакырып, сѳзүн тѳмѳнкүдѳй жыйынтыктады: «Шайлоого саналуу күндөр калды. 4-октябрь келечек аныкталуучу күн. Андыктан болбогон бир каражатка алданып, айрым партиялардын кооз сөздөрүнө ишенбей, өлкөдөгү тынчтыкты, бакубат жашоону туу туткан №1 "Биримдик" партиясына добуш бериңиздер!».


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер