Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн Момбеков менен Акаев бийликтегилердин аттарын атай алышпайт?

Эмне үчүн Момбеков менен Акаев бийликтегилердин аттарын атай алышпайт?

15-сентябрь, 11:13
653 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Атамекенчилер” кыдырган жерлеринде азганакай эл менен жолугушуп, өздөрүн оппозиция катары көрсөтүшүүдө. Ууру-кески, коррупционер, көпөстөргө каршы чыкканын жар салышууда. Бийликтин партияларын жалпысынан жектешип, эмоциялуу, бирок үстүрт гана шыбамайлар менен алектенишкени күлкү келтирет. Эмне үчүн жамактаган Рыскелди Момбеков, жарыша сүйлөгөн Жанар Акаев да Акүйдөгү конкреттүү адамдардын аттарын атай алышпай, элдин башын айландырышууда? Криминалдар, коррупционерлер кимдер? “Ала куштун атынан ата” дегендей, Рыскелди менен Жанар алардын фамилияларын ачыктай алышпаганы кызык! Ушундай да оппозиция болобу? “Ата Мекен” партиясы башында бийликке сатылып кеткени боюнча сөз чыкпады беле, билесиңерби? Ошол чынбы? Акүйдүн долбооруна айланган соң, калп эле калк көзүнө курч сүйлөмүш болушуп, кайсы бир адамдардын аттарын жашырышып, тушалып жатышканы эмнени билдирет? “Чайнап берген аш болбойт” дегендей, көпчүлүк акыйкатты алдыртан чечмелеп алышсын да...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер