Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алимбаевге караганда Жумагазиев генерал-губернатор наамын алса, туура тандоо болмок

Алимбаевге караганда Жумагазиев генерал-губернатор наамын алса, туура тандоо болмок

31-декабрь, 00:10
596 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аткаминерлердин деңгээлин, шек-шыбырын салыштыруу менен аныктайбыз да. Маселен, жардамчысы 200 миң доллар парага айыпталган Абдикарим Алимбаев моралдык жоопкерчилигин сезбей, дагы эле Баткен облусун башкарып отурат. Эл арасында ишенбөөчүлүк жаралганы ырас. Бетсиз болсо кантебиз? 

Мындан бир топ жыл мурда Алимбаевдин көзөмөлүндөгү курал-жарактар уурдалып, кылмыш иши козголгонун кайда жашырабыз? Анда да “буйтап” чыгып кеткен эле. Мезгилдин шарданына жараша таасирдүүгө жалпактап, жагымпоздук менен Баткен губернаторлугуна жетип, көп өтпөй генерал-майор чин-даражасын да тагынып алды. Татыксыз кадрдын алдыга озгону ушулбу? Баса, кесиптеши (чек арачы) Саитжан Эратов менен салыштырганда, айырмасы асман-жердей экенин айтышууда. Себеби, Саитжан таза, профессионал кадр катары бааланып келет.

Эми кептин өзөгүнө токтололу. Чүй облусунун губернатору Канат Жумагазиев буга чейин үч ОИИБ начальниги, Бишкек ШИИБ башчысы, ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси, ж.б. жооптуу кызматтарды аркалаган. Мындайча айтканда, генералдык деңгээлде кызмат өтөп койгону айныгыс чындык. Учурдагы иши купулга толорлук, айрым облустардай Сары Өзөнгө мамлекеттин казынасынан каражаттар кеңири бөлүнбөсө да, иш-планын ыраатка салып, тартипти катуу кармап, келечекке карай дымактуу эмгек өтөөдө. Чүй облусундагы мектеп, оорукана, бала бакча, ж.б. жетишпеген социалдык объектилердин баарын аныктап, жакынкы жылдары көйгөйлөрдү кезеги менен чечүүгө батыл киришкен чагы. Ал эми Сокулуктагы жер чатагын жайгарып, муктаждарга кызыл китептерди таратып бергени өзүнчө алкоого арзыйт. 2024-жылга карата суу тартыштыгын чечүүнүн үстүндө да иштеп атат. Перспективалуу мындай кадрды жогорку төбөлдөр туура баалап, генералдык наамды ыйгарып коюшса, коомчулук колдоп, элге жагат эле. “Убагында айтпаса, сөз атасы өлөт” демекчи, Канат Жумагазиевдин генерал-губернатор болушуна тилектештигибизди билдирип, жаңы жылга карата жаркын демилгени көтөрүп коёлу. Аныгында, каарманыбыз алыска чуркайт, аша турган ашуусу али алдыда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер