Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кашкар Жунушалиевдин мыйзамсыз иши: Мадияр Кулуев соттон утту

Кашкар Жунушалиевдин мыйзамсыз иши: Мадияр Кулуев соттон утту

04-август, 13:21
7 415 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Апрель айында Ленин РИИБнин начачальниги Мадияр Кулуевди министр Кашкар Жунушалиев кызматтан алган. Кандай себептер бар экени коомчулукка белгисиз эле. “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” деген ишараны байкаганбыз. 

Натыйжада, экс-начальник Биринчи Май райсотуна арызданып, өз укугун коргоо жагынан жеңишке жеткенин өздүк булагыбыз кабарлады. ИИМ жетекчилиги утулду. Сот процессинде Мадияр Кулуевдин мыйзамсыз жумуштан алынганы тастыкталып, кайрадан кызматына дайындалуусу боюнча чечим чыкты, о.э. жумушсуз калган айлардагы эмгек акысы төлөнүп берилиши милдеттендирилди. Аныгында, министр Кашкар Жунушалиев ишбилги кадрды көралбастыктан эле кызматтан алганы, кыянаттык жасаганы аныкталдыбы? Мындан ары ИИМдин юристтери жогорку инстанцияларга кайрылса да утулары алдыртан айтылууда. Себеби, чындык Мадияр Кулуев тарапта экенин кесиптештери эле саймедирешүүдө.

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер