Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Эзелтен тагдыр өксүк, дүйнө бөксө…» же Алмаш Чойбекованын армандуу өмүрү

«Эзелтен тагдыр өксүк, дүйнө бөксө…» же Алмаш Чойбекованын армандуу өмүрү

19-февраль, 12:00
7 441 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


Байыркы талаада байыркы таш жатат,

Байыркы жылдардын күнүнө какталат.

Кээде аны улуган бороон да жалмалап,

Кээде ага армандуу булуттан жаш тамат. 

(А.Чойбекова)

-- Сен акындарга аралашып калбадыңбы, Алмаш Чойбекованы көрүп жүрөсүңбү? - деп сурады эжем (атамдын бир тууган карындашы), каникулда айылга барсам.

-- Жок, көргөнүм жок, - дедим.

-- Кантип эле бир жолу да көргөн жоксуң? Эмне ыр кечелерге барбайт бекен? - деп шектенди. 

-- Билбейм, акындарга аралашпайт деле окшойт, - деп күңкүлдөдүм. 

Бирок ушуга окшош эле суроону жездем узатканда, Алмаш Чойбекованы жакында эле бир акындын кечесинен көргөнүмдү, кара көз айнек тагынып алганын, жанында абышкасы бар экенин, алтургай абышкасы кече өтүп жаткан сахнанын жасалгасын, акындын кебете-кешпирин, үстүндөгү кийимин сүрөттөп айтып берерин, экөөнүн жанына барып учурашып, өзүмдү тааныштырганымды, Алмаш эженин “эмне, ыр жазасыңбы?” деп мени кекетип сураганын, анан менин жообумду күтпөй эле, “жазасың да, жазбасаң жаныма келет белең?..” деп кайра өзүмө суроо берип, шаңкылдап күлгөнүн саймедиреп айтып бердим. Жездем мени тунжурап угуп туруп, “анда көзү таптакыр көрбөйт деген сөз чын экен да, ээ?” деп кейиди. “Карып калгандыр, байкушум!” деди көптө. Мени менен эмес, өзү менен өзү сүйлөшүп аткансып күңгүрөндү. 

Ушунун баарын эмнеге эжемден жашырып, жездем менен гана сүйлөшкөнүм, сыр сактаганым мага азыр да табышмак. Балким эжем турмушка чыккан күндөн тартып эле жездем туурасында: “Ай жанагы Алмашчы, акын, ошонун күйөөсү болчу экен да, “Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде” деген ыры ушу Байызбекке арналыптыр да” деген күбүр-шыбыр кептерди көп укканым үчүнбү? 30 жыл мурун ажырашып кетишсе да, али күнчө экөөнүн сүйүүсү эл оозунда айтыла берген үчүн эжемди аядым бекен? Ким билсин? Айтор, ар дайым эжеме “Алмаш Чойбекованы тааныбайм, такыр көрө элекмин” деп калп айтып жүрдүм. Оо, кийин, кийин дагы...

***

-- Ыр жазасың да, ыр жазбасаң жаныма келет белең? - деп кербезденип күлдү Алмаш эже, башын менин үнүм чыккан жакка бура сүйлөп. Аппак, туптунук жүзүнө күрүчтөй тиштери жарашып, кезинде эл суктанганчалык сулуу болгону көрүнүп турат. Башына кара берет кийип, кара көз айнек тагынып алыптыр. “Жомоктолуп айтылып жүргөндөй эле сулуу аял экен” деп ойлодум, ичимден. Анын акындыгына караганда, сулуулугун, тагдырын көбүрөөк укчумун. Адатта алгач акындын өзү менен таанышасың, анан ырын тааныйсың, же алгач ырын тааныйсың, анан өзү менен таанышасың. Бирок ырынан, өзүнөн мурун сулуулугу, тагдыры менен таанылган акындар аз эле. Менимче, Алмаш Чойбекова ошондой акын болду.

Ошол кече бүткөнчө алардын жанынан жылбай отура бердим. Кечени деле көргөн жокмун. Кулагым Алмаш эже менен абышкасында. Абышкасы эже жакка ыктап: «Сахнанын эки башына эки шам жагып коюшуптур, акын сахнанын оң тарабында отурат, кыл мурут, 30дун тегерегиндеги жаш жигит экен. Үстөл үстүндө бир нече китеп, бир шише суу турат. Баланча катарда баланча акын, түкүнчө катарда түкүнчө жазуучу отурат» деп айтып отурду. Кечеден кийин Алмаш эже «мага байланышып тургун, ээ?» деп кичинекей барак берди. Үй дареги, телефон номуру жазылган баракты колума кармап, колтукташып бараткан эки караанды узата карап тарых музейинин алдында турдум.

***

Токтогулдан Алмаш эжеге арнап бал ала келдим. Ага деп атап алганым жок, бирок ашыгыраак алдым. Жездебиз балчы болгон үчүн үйдөн жайы-кышы бал үзүлчү эмес. Жатаканада чогуу жашаган Кайыргүл деген кызды ээрчитип алдым. Баракта жазылган дарек боюнча бат эле таптык. Эшикти ачкан абышкасы “эжеңер бул жакта” деп, бизди төркү бөлмөгө баштап кирди. Алмаш эже керебетте отурган экен бизди күтүп (мурдараак телефондон сүйлөшүп, барарыбызды айтканбыз). Дабышыбызга кулак түрүп, босого тарапка башын буруп, «келгиле, кыздар» деп шаңкылдады. Колун керебеттин баш жагында турган үналгыга узатып, доошун басаңдатты. Кыймыл-аракети шамдагай, соо кишидей тим эле, таңкалдым. Көзүн кичинекей ак жоолук менен таңып алыптыр. Керебеттин жанындагы үстөлдү тегеректеп жайгаштык. Абышкасы дасторкон жайды. Бизге кожогат кошулган чай, бутерброд жасап келип төртөөбүз чай ичтик. 

-- Жездеңердин аты Марс. Өзү котормочу, Абдрасул Токтомушевдун уулу, - деди эже бизди тааныштырып. Абдрасул Токтомушевди ал убакта адабият сабагынан окуп жүргөнбүз да. 

-- И-ии?! Кадимки Абдрасул Токтомушовдунбу? - деп биз жарышып бир айтып бир койбойбуз. Кайра-кайра такып, кайра-кайра таңкалабыз.

-- Силер шашпай чай иче бергиле, - деди да, абышкасы табагы менен кружкасын көтөрүп ашканага чыгып кетти. 

Ушуну гана күтүп тургансып, эже чыныдагы балдан кашыктын учуна азыраак илип, тамшанып жеп алды. “Кап, мага таттуу жегенге болбойт да. Канча операцияны башымдан кечирдим, андан сырткары эки бөйрөгүмө катуу суук тийген, диетада жүргөнүмө көп жыл болду. Атайылагансып бал алып келгениңди карасаң” деди алда нерсеге кейип. 

-- Бал менин өмүрүмдүн эң бактылуу учуру менен байланышат да, - деп кеп баштады эже. -- Апам экөөбүздүн үч койубуз бар эле. Кеч күздө ошолорду жайлоодогу таякелердикинен алып келели деп Токтогулдун Ой-Алма деген жайлоосуна барып калдык. Кашы-көзү капкара, кирпиктери төгүлгөн келишимдүү жигит баян чертип таштын үстүндө отурган экен. Ошол күндөн тартып мен ага ашык болдум. Ал да мага ашык болуптур. Баш кошуп тоодо жашадык. Өзү балчынын баласы болчу. Бирге түтүн булаткан соң, өзүбүзчө бал чогулттук, мал курадык. Кийин жолдорубуз айрылды. Бирок ал адам эсимден такыр чыккан жок, азыр да унутпайм. Адамгерчилиги бийик, келишкен сулуу, анан калса билимдүү адам эле да, - деп мага тааныш адамды, мага тааныш окуяларды айтып отурду. «Ошол адам менин жездем да» деп айтып жибере жаздап өзүмдү араң тыйдым. Ошондо эле айтып койсом болмок экен...

***

Мен Байызбек жездемди 7-8-класста окуп жүргөн кезимде көрдүм. Анда 50дөн ашып калса керек. Жакын туугандары менен эжемди алып кетишкени келди. «Күйөө бала тетиги киши…» деп атты үйдөгүлөр аны көрсөтүп. Кашы-көзү кара, сол бетинде калы бар, келишимдүү, ачык кабак адам экен. 

Эжем экөө баш кошкондон көп өтпөй бир күнү үйгө келип калышты. Жай болчу. Чоң апам экөөбүз бактын ичинде курак курап атканбыз. Менин курактарымды жая салган чоң апам «мына, ушунун баарын кызым курабадыбы!» деп кыз-күйөөсүнө мактанды. Эжем: «Ай-ий укмуш экен, чын эле сен курадыңбы? Тикмечи болот окшойсуң» деп сүйүндү. Чоң апам экөө алмак-салмак мени мактап, мен да эдириңдеп сүйүнүп калдым. Ошондо жездем: «Булардын мактоосун укпа, курак эмне, ал ар бир кыздын колунан келет. Сен эч кимдин колунан келбеген нерсени жасашың керек» деди. Анан эжеме кайрылып, «баланын китеп окуй турган, сабак окуй турган убактысын алып атпайсыңарбы, сабагын жакшы окусун, ошондо ушинтип мактасаңар, чүпүрөккө сүйүнбөй!» деп кагып койду. Андан кийин үйгө келсе, же мен алардыкына барып калсам, кайсы сабактан кандай окуурумду, кайсы китепти окуганымды сурап, баланча жазуучунун баланча чыгармасын окусаң деп кеңеш берип жүрдү. 

***

Кайыргүл экөөбүз эженин туулган күнүнө баралы деп келиштик. Туулган күнү 15-февраль. (Эмнегедир интернет булактарында 8-август деп жүрөт. Эже эки көзүнөн айрылган каргашалуу окуя туурасында “Мени 33 жашымда күйөөм атып салган, азыраак күндөн кийин 34кө чыкмакмын” деп көп эскерчү. Алмаш Чойбекованы күйөөсү кызганычтын айынан 1981-жылы 25-январда аткан). Эмне белек аларыбызды билбей маң болдук. Экөөбүз кеңешип-кесип отуруп, бир букет гүл, сүрөт салуучу рамка алдык. Өзүбүз студент болсок, акчабыз деле ошого араң жарады.

-- Келгиле, кыздар! - деп эже колун абага узатты. 

Кайыргүл экөөбүз катар туруп эже менен кол алышып учураштык, да, “туулган күнүңүз менен!” деп белектерибизди бердик. Менин колумдан гүлдү алып, “ме” деп абышкасына узатты. Абышкасы гүлдү алып, үстөл үстүнө койду. 

-- Бул эмне экен? - деди эже жылтыракка оролгон белекти колу менен сыйпалап көрүп.

-- Сүрөт салган рамка, - дедим мен. 

-- Марс агай экөөңүздөрдү сүрөткө тартып, анан салып коёлу, ээ? - деди Кайыргүл. 

-- Аа, кагылып кетейиндер, сокур неме муну эмне кылат деп ойлоно албадыңарбы? - деп кейиди эже. 

Биз 18-19 жашта элек. Белек алып жатканда аны ойлоно алган жокпуз... Ошондо ойлоно алган жокпуз, бирок азыр ойлончу болсом, көзү азиз акын аялга эмне белек берсе болорун мен дагы деле айта албайм. Оозубуздан сөз качып унчукпай калдык. 

-- Ыракмат, айланайындар, ыракмат!- деп алкады эже. 

Бул жолу абышкасы бизге чайды даярдап, өзү ашканага чыгып кетти. Алмаш эже окуубузду, ата-эне, айыл-апабыздан сураштырып, бир аз сүйлөшкөн болдук. Көпкө кармалган жокпуз. Эмнегедир маанайы жок экен. Эже бизди узатып далиске кошо чыкты. Далисте эски чемодандар жыйылып турчу эле. Эң үстүңкүсүн ачып, чукулап бирдеме издеп аткандай болгон, карасам колунда 50 сомдук турат. Алмаш эже акчаны колу менен сыйпалап көрүп айыра таанычу (“Нүкү, бул 100 сомбу, бул 20 сомбу?” деп тактап койчу кээде).

-- Кыздар, алгыла! - деди, -- Жол кире кылып кетесиңер.

-- Жо-ок, - деп тартындык.

-- Алгыла, уят болот. Эжеңердин үйүнөн кур чыкпагыла! - деп буюра сүйлөдү. 

Эже берген акчага Кайыргүл экөөбүз филармониянын жертөлөсүнөн калың дептерден экини сатып алдык. “Ырларыбызды ушу дептерге жазалы” деп сүйлөштүк. Экөөбүз тең жаңыдан ыр жазып келатканбыз. Мен сырты кызыл, Кайыргүл сырты көк дептер тандады. Мен андан кийин далай дептер толтурдум. Бирок Кайыргүлдүн ошол дептери да толбой калды көрүнөт... Эрте эле турмушка чыгып кеткен. “Төрөттөн каза болду” деп уктум. Жаным сыздады...

***

Алмаш эже бир күнү жатаканама телефон чалып, “жалгыз келе аласыңбы?” деп өтүндү. “Менин жууна турган убагым келип калды. Сени жардамга чакырдым” деди. Өзү жанымда туруп кайсы ишти кандай жасашым керек экенин айтып атты. Мен ал айткандай кылып ваннаны тазалап жууп, жылуу суу толтуруп даярдадым. Баары оюндагыдай болгон соң, “азыр мен көзүмдү чечем, сен коркуп кетпегин, макулбу?” деп эскертти. “Макул” дедим да, өзүм эжени карап турдум. Көзүн таңган аппак жоолугун чечип, башын көтөргөндө, мен эки көздүн ордуна түшүнүксүз бир боштук көрдүм. “Коркпойм” деп өзүмдү өзүм даярдап турганыма болбой эле, жүрөгүм “дирт” деп кетти. Ал да сезгенсип жер тиктеди. Мага сүйлөбөй чечкен жоолугун аспиеттеп бүктөп отурду. Башка жакты карайын десем деле болбой көзүн карайм. Уктап жаткансып жумулуу да, бирок ачык да бойдон турду эженин көзү. 

“Ириде менин шейшептеримди алмаштырып алалы!” деди. Капыстан иш бергенине сүйүнүп кеттим. Көздү унута түштүк экөөбүз тең. Алдына үч катар шейшеп салынып жатат экен, ошондо көрдүм. Бирин алсам, бири чыгат. Шкафтан үч таза шейшеп алып чыгып, так ордундай алмаштырдым. Ичимден “үч шейшеп салып жатканы эмнеси, анан калса таптаза эле экен го?” деп ойлоном. Бирок Алмаш эженин ошондой ашыкча тазалыгы бар болчу.

Кетеримде «эже, мындан ары Кайыргүл менен келсем болобу?» деп сурандым. «Макул, бирок ар кимди ээрчитип келбе, мен адамдардан оозум күйгөн жанмын. Далай кыздар сага окшоп жардам бергени келип, ырларымды уурдап кеткен. “Чаң сүртүп, үй жыйнап атат” деп ойлоп отура берчүмүн да, көрсө китептеримди, ырларымды уурдашчу тура» деди. «Сага окшоп» деген сөзүнө ичимден териктим. “Азиз акындын ырын уурдап кеткен кандай акмактар болду экен, кантип колдору барды?” деп таңкалдым. 

Ошол күндөн тарта ар жекшемби күнү Кайыргүл экөөбүз Алмаш эженин үйүнө барып, турмуш-тиричилигине колкабыш кыла баштадык. Эже үч маал колго түйүлгөн чүчвара жейт, уйдун сүтүнөн кымыз, анардын ширесин ичет. Болгон, жеген тамагы ушул. Биз барганча абышкасы Орто-Сай базарынан азык-түлүк апкелип даярдап турат. Үчөөбүз бир жумага жеткидей кылып жер жайнатып чүчвара түйүп, муздаткычты толтуруп коёбуз. Аны абышкасы күндө аз-аздан эжеге кайнатып берет. Үй жыйнап, кээде эжени жуунтабыз. Баардык иш бүткөндөн кийин бир аз эс алып, маектешип отурабыз. Алмаш эже таптаза болуп, маанайы жаркып маңдайыбызда өткөн-кеткенден кеп козгоп отурганы бизге жагат. Астыртан Кайыргүлдү карайм, “бул эжени мага кайдан таап келдиң эле?” деп наалыбай, кабагым-кашым дебей эженин ар бир сөзүнө кыткылыктап күлүп отурат. Анан экөөбүз чоң жакшылык жасап, дүйнөнү сактап калгансып, өзүбүзгө ыраазы болуп, 11-троллейбуска түшүп, жатакананы көздөй жөнөп кетебиз.

***

Кээде Кайыргүл менен, кээде Кайыргүлсүз барып жүрдүм. Ар дайым жумуш бүткөндөн кийин Алмаш эже бизге баштан өткөн өмүр-жолун айтып берет. Сөз сүйүүгө келгенде эле Байызбек жездем тууралуу, экөөнүн Ой-Алмадагы бактылуу күндөрүн көп айтат. “Ошол Байызбек менин жаздем да” деп айтып жибере жаздап араң карманам. Бирок ичимден “бир күнү айтышым керек” да деп ойлойм. Кантип ыңгайын таап айтып беришти билбей көпкө жүрдүм. Акыры жалгыз келген күндөрдүн биринде айтып жибердим. Эмнеге айтканымды деле билбейм. Унчукпай койсом деле болмок экен. Эже алаканын шак коюп чочуп кетти. “Кандайча жездең? Эжең канчада? Жашоосу кандай? Кантип жашап атат?..”. Ушуга окшогон майда-чүйдө суроолорду биринин артынан бирин жаадырып-жаадырып алды да, бирок жообу ага кереги жоктой, менин сөзүмдү уккан-укпаганы белгисиз ойлуу тартып отуруп калды. Мен Алмаш эжеге чейин адамдар ойлонгондо көзү өзгөрөт деп ойлоп жүрсөм керек. Адам ойлонгондо жүзү, кашы, оозу, деги эле тулку бою ойлуу тартып каларын ошондо көрдүм. 

-- Жок! - деп бакырды эже капыстан менин сөзүмдү кесип, -- Байызбек балалуу боло алмак эмес! Акыркы жолу доктурга көрүнгөнүбүздө “сен бул жигиттен ажырашып кет, бул балалуу боло албайт” деген доктурлар. Мен унчуккан жокмун. Ал да башка эч нерсе дебей оозу-башын кыбыратып ойлуу тартып отура берди. 

Мен Байызбек жездемдин: «Экөөбүз ооруканага барганда, Алмаш доктурдан маанайы суз чыкты. Андан кийин мен кирсем, доктур жигит “келинчегиңиз эч качан балалуу боло албайт, бирок биз өзүнө бул туурасында айта алган жокпуз. Жаркылдаган жакшынакай түгөйүңүз бар экен, балким сиз деле муну жашырып коёрсуз деп өтүндү эле” деген сөзүн эстедим. Мөлтүрөп, жашоону сүйүп, жаркылдап турган аялзатына доктурлар ачык айта албай, «жолдошуңуз эч качан балалуу боло албайт» деп алдап узатышкан экен, көрсө. 

«Ушунча жыл өттү, бир күнү да аны эсимден чыгарганым жок го...” деп кейиди Алмаш эже тээ көптө барып. Айтканын айтып алып, эми аны соорото турган алгылыктуу сөз табалбай унчукпай отурдум. Ал да бир калыбынан жазбайт. Же мен “кетейин” деп айта албайм, же ал “кет” деп айтпайт. Ошондо эмнелерди ойлоду экен? Экөөнүн бирге өткөргөн бактылуу күндөрү, Ой-Алманын көргөндүн көңүлүн алган көркөмдүү тоолору, асманында шаңшыган бүркүтү, өзү ырларында көп жазган жаратылыш кучагы, мөлтүрөп аккан булагы көз алдына тартылгандыр. 

Бүлдүркөндөр мөлтүрөп бышкан кезде,

Бүркүт шаңшып асманга учкан кезде.

Саамайларын сеңселткен ак кайыңдар,

Самашып сагынчымды уккан кезде,

Барам сага.

***

Ошол күндөн тартып Алмаш эже экөөбүз абышкасына угузбай шыбырашып, сүйлөшчү болдук. “Мен эми аны эч качан көрбөйм деп ойлочумун да. Бирок сени мага Кудай өзү айдап келбедиби. Сүйүү улуу нерсе, сен ага кызганычтык кылбагын. Эжеңе айтпай, сыр сактай аласыңбы? - деп сурайт. 

-- Ооба, - деп убада берем мен. Түшүнүп түшүнбөй эле “макул” дейм.

-- Сен улуу сүйүүнү көкүрөгүндө көтөрүп жүргөндөргө жардам бер. Бизди кезиктир, мен көзүмдүн тирүүсүндө аны менен дагы бир жолу жолугушум керек! Азыр эмес, кийин. “Оң көзүңдө үмүт бар” деп доктурлар айтып жүрүшпөйбү. Буюрса көзүм көрүп калат, канча жылдан бери жалаң чүчвара жей берип толуп кеттим, арыктайм, мобу майлар жок болот (курсагын кармалап), жашоом өзгөрөт, эркиндикке чыгам, андан кийин Байызбекке жолугам. Азыр эмес, оо, кийин-кийин” деп көп айтат. Мен ишенчү эмес элем, негедир кийин-кийини келбечүдөй сезиле берчү. 

Айылга бир барганымда Алмаш эженин саламын жездеме жеткирдим. Бул жолу ага көп нерсе айтып бердим. Ал да Алмаш эжеден ашык-кеми жок аны сурап, тагдырына кейип отуруп, «байкушума кыйын эле экен, көзү көрбөсө, ден соолугу да начар болсо» деп аяды. Абышкасы анарды колу менен талкалап күндө үч маал шербет жасап берет, кымыз бышып берет дегенимди укканда, «анда жакшы адам тура, ээ, жакшы карайт экен Алмашка?» деп ыраазы боло сүйүндү. Бирок «эжеңе айтпай бизди кезиктир» деген сөзгө аябай карсылдап күлдү. «Ошентип коёбу ээ, атаны кургур а-ай, айтканын кара, мен 60 жашка келгени Бишкекке барып көрбөгөм, эми кайдан бардым дейсиң?» деп күлдү. Бирок Байызбек жездем кийин Бишкекке келди. Өзү күткөндөн да эрте келди... 

***

Алмаш эженин мүнөзү өзгөрдү. Качан барба, жаркылдап, келечек тууралуу, доктурлардын “оң көзүңдө үмүт бар” дегени тууралуу, кандай китептерди чыгарары тууралуу көп айта баштады. Эскисиндей бирөөлөр жардам бергени келип, ырын уурдап кеткенин, өзүн өлтүрүп, абышкасына тийип алгысы келген кыз-келиндердин көп экенин, үйүнө көз арткандардын андан көп экенин айтпай калды. Ар дайым үй жумуштары бүткөндөн кийин бизге жаштыгынан, Аалы Токомбаевдей, Төлөгөн Касымбековдой улуу кишилер менен замандаш, табакташ болгонун айтып берет. Өзү айтып бергенин гана угабыз, ашыкча суроо бергенге даабайбыз. Анткени бактысыз күндөрү капыстан эсине келе калганда маанайы бузулуп, чартылдап калат. «Көзүм бар болгондо баламдын жок экени билинбейт эле, балам болгондо көзүмдүн жок экени билинбейт эле» деп кейийт. 

-- Сүйлөсөңөр боло, кыздар? - дейт чарчаганда.

-- Сиз эле сүйлөй бериңизчи? - дейбиз биз. 

Эже эмнени айтып бербесин үнүн жасап, сахнада роль ойноп аткансып, келиштирип, куюлуштуруп сүйлөйт. Угуп отургандан тажабайсың.

-- Эмнени сүйлөп берейин? - деп сурайт.

-- Сүйүүнү, - дейбиз биз жанталашып. 

Эже каткырат. Күлкүсү шаңшып, үнү тунук. 

Ак жамгыр төксө шорголоп,

О-ой арчага кирсек корголоп.

Кекилик учпай жем издеп,

Азгырса бизди жорголоп, - деп созуп ырдайт. 

«Ушул ырымды жакшы көрөм» деп көп ырдады. «Биз Байызбек экөөбүз тоодо жашадык деп айтып жүрбөймүнбү. Айына бир жолу же эки айда бир райондун борборунан азык-түлүгүбүздү, буюм-тайымыбызды алып кетчүбүз. Бир жолу районго баруу үчүн жолго чыктык. Кыйла жерге чейин жөө басчубуз да, кыя жол деген жерибиз бар эле. Ошол жерден жамгырга туш болуп, жол боюнда дүпүйгөн бир түп арчага корголодук. Ага деле болбой сыгып алма суу болдук. Мен аппак кийинип алдым эле, ии, Кудай бетин салбасын, тим эле кийимим үстүмө жабышып, ого бетер ажарыма чыгып калыпмын. А ыр болсо кийин жазылган. Мен ал күндөрдөн кол жууп, Байызбек экөөбүз ажырашып кеткенден кийин, чогуу өткөргөн күндөрдү эңсеп, өзүм туулуп өскөн жайлоолорго баргым келип, ошон үчүн «Кыялдануу» деп жазгам. Ырда кандай сүрөттөп жазган болсом, биз тоо койнунда дал ошондой өмүр кечирдик да. 12 жыл жомоктогудай бактылуу күндөрдө жашадык» деп ырдын тарыхын да айтып берген. 

Мен Алмаш эженин тагдырын, сулуулугун бала кезимден эле көп уктум, бирок мунун бирин да укпаган Кайыргүлгө кызык болсо керек. Ал орто жолдо эжеден бир нерселерди сурап жиберчү кээде. Азыр эсимде жок, «эмнеге ажырашып кеттиңиз?» дедиби, айтор, ушул сыяктуу бир суроо берип жиберди.

«Баланын айынан ажыраштык да. Өзү бир ата бир энеден жалгыз бала эле. Анан биз 12 жыл балалуу болбой калгандан кийин атасы: «Өзүң жалгыз бала болсоң, балалуу болушуң керек деп айта баштады. Апасы өгөй эле, ал киши киришчү деле эмес. Биз ага болбой эле жашап жүрдүк. Бирок мен кийин Ош театрында иштеп, Байызбек тоодо балчылык менен алектенип жүргөндө, бизди көралбастар «Алмаш сени чанды, эми ал келбейт, ал атактуу болуп кетти» деп ар кандай сөздү чаргытып, бузуп жүрүшүп, акыры ал башкага үйлөнүп алды. Мен да өз жолум менен кеттим» деп жооп берди. 

Тыйылбай күндүр-түндүр жамгыр төксө,

Шыбырап, кулайт улам жашыл чөпкө.

Эрксизден эске салам убайымды,

Эзелтен тагдыр өксүк, дүйнө бөксө…


(Уландысы бар)

Нуриза Өмүрбаева   

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер