Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов: “Азыркы стационарлар илдеттин жайылуу очогуна айланды”

Адил Турдукулов: “Азыркы стационарлар илдеттин жайылуу очогуна айланды”

23-июль, 21:54
1 006 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыйын кырдаалда элге жардам берген ыктыярчылар менен президенттин жолугушуусу, анда айтылгандар боюнча Адил Турдукуловдун пикирин уктук.    

-- Президенттин ыктыярчылар менен жолугушуусун кандай кабыл алдыңыз?

-- Жардам берүү, тилектештик – биздин элдин кулк мүнөзүндө илгертеден бар. Кыргыздарда ашар ыкмасы да жөн жерден чыккан эмес да. Айрым коңшу мамлекеттердин көз артканы да мына ушунда. Көпчүлүк учурда  ыктыярчылар мамлекет жасай турган нерселерди аткарышууда. Бул туура эмес жана “бийликтин кереги барбы?” деген суроолорду жаратып, өтө коркунучтуу абалга кептейт. Медиктердин айлыгын төлөө, жабдыктар менен камсыз кылуу – бийликтин негизги жоопкерчилиги. Муну эл көтөрүп жатканы уят нерсе. Бир жагынан, президенттин алар менен жолугуп, ачуу сөздөрдү укканы жакшы көрүнүш. Бирок, ыктыярчыларды Акүйгө чогултуу эскиче кадам. Мисалы, Сооронбай Жээнбеков алардын иштеп жаткен жерине барып, жасаган жумуштарын өз көзү менен көрсө, алда канча таасирдүү болмок. Башка мамлекеттин башчылары элди аралаган кадамдарды жасашууда. Албетте, мында президенттин күнөөсү жок, бул анын командасынын алсыздыгы. Аппараттагылардын катарында журналисттер менен иштөөнү билбегендер, креативдүү ой жүгүртпөгөн, заманбап технологияларды колдоно албагандар көп экенин далилдейт. 

-- Жолугушууга барбай калгандар таарынычтарын билдиришүүдө,  чакырылгандар тандалма жол менен жүргөн деп ойлойсузбу? 

-- Ыктыярчылар көп болгонуна байланыштуу мындай сөздөр айтыла берет. Жардам бергендердин бардыгы өзүн жарнамалаган жок. Бийликке каяша айтып, “импичмент жарыялаш керек” деп жүргөндөрдү балким, чакырышкан жоктур. Алар президентке туура эмес, жаман сөздөрдү айтып коёбу деп коркушкандыр. Бирок, жолугушууга баргандардын деле сын-пикир айткандарын уктук. Таптакыр эле тандалма саясат болду дегенге кошула бербейм. Ыктыярчылар президентке жолукса эле көйгөйлөр чечилип калат деген да туура эмес. Мындай жолугушуулар көп ирет өткөн. Алардын жыйынтыгына баарыбыз күбө болуп келатабыз. Болгону тегерек үстөлдө, президент өлкөдөгү кризисти, айтылган маалыматтарды ыктыярчылардан уккандай таасир калтырып койду. Бул андай эмес да. Республикадагы абал, эмне жетишпейт – баардыгы ага белгилүү. Маселени буга чейин  чечсе болмок. 

-- Премьер-министр Кубатбек Боронов “Бишкек менен Ошто оорукана курулат” деди, кечигип калган жокпузбу? 

-- Сөзсүз түрдө кечигип калдык. Биздин бийлик чектөөлөр менен алек болду. Чындыгында приоритеттүү кадамдар башкача болушу керек эле: дары-дармектерди даярдоо, жабдыктар менен камсыздоо, убактылуу болсо да дарыгерлердин айлык маянасын көтөрүү, ооруканаларды куруу. Өзбекстан, Россия ооруканаларды курушкан. Стационар эч убакта ооруканалардын ордун баса албайт. Учурдагы стационарлар илдеттин ого бетер жайылуу очогуна айланып баратат. Мунун бардыгы бийликтин стратегиялык көз карашынын жоктугунан, келечекке карап иш алып барганды билбегендиктин белгиси.   


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер