Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күлү бир жерге додо болбой, кызматтын баркын кетирген Кайрат Иманалиев

Күлү бир жерге додо болбой, кызматтын баркын кетирген Кайрат Иманалиев

13-ноябрь, 19:30
585 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Эт же чел эмес” Кайрат Иманалиев 2021-жылы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болгон. Бирок иштей албай УТРКнын башкы директору кызматына которулуп кеткен эле. Ал жактан да жүк көтөрө албай, өткөн март айында кайрадан аталган министрликке орун басар катары дайындалган. Мурда жетектеген жамаатына экинчи адам катары келип, көпкө узабай кайрадан тебилди. Ушул жерден эле Кайрат Иманалиевдин кызматтын кулу экени байкап атпайсыңарбы? Эске салсак, бул орунга ал Сокенин бийлиги тушунда, 2019-жылы да конуптур. Уялбайбы? Бир карасаң намысы жок, экинчиден, дарамети чектелүү, улам бир креслого отурат, бирок иштей албайт. “Устукан” ыргытса эле удургуй бергени ушулбу? Биздеги кадр саясатынын кризиси – тааныш-билиштик, жердешчилик ж.б. негиздер менен кынапталат. Кайраттын күлү бир жерге додо болбой, же из калтыра албай, айтор, кыйла жылдан бери “илээшкектей” келатат. Эми эс алууга чыгып, маданиятчы сымал ыр-пыр жазып көрсөчү?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер