Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саха эли Бексултан Жакиевдин жаратмандыгын, боорукер элесин сактап калат...

Саха эли Бексултан Жакиевдин жаратмандыгын, боорукер элесин сактап калат...

14-июнь, 13:47
857 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Телеграммада:

«Урматтуу достор жана кесиптештер!

Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын (Ил Түмөн) атынан, биздин республиканын коомчулугунун, бул инсандын жана таланттын баардык күйөрмандарынын атынан сиздерге, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, П.А.Ойунский атындагы Саха (Якутия) Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, драматург, таланттуу котормочу жана адабий сынчы, сүйүктүү жар жана ата, чоң ата Бексултан Жакиевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кайгыруу менен көңүл айтам.

Бексултан Жакиевич башкалардан өзгөчөлөнүп, биздин элибиздин тарыхый тагдырынын жалпылыгын, маданиятыбыздын жана руханий дүйнөбүздүн башатын түшүнгөн. “Дүйнө элдеринин эпостору” эл аралык ассоциациясынын башчысы катары ал манасчылык искусствосун адамзаттын оозеки материалдык эмес мурастарынын шедеври катары таанылышына жетишип, түрк элдеринин эпикалык эстеликтеринин өз ара котормолорун алмашууну демилгелеген, отуз жыл бою эл аралык коомдук уюмду ийгиликтүү жетектеп келген.

Белгилей кетсек, Бексултан Жакиев көрүнүктүү мамлекеттик жана саясый ишмер, Якутия менен Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Максим Аммосовдун элесин түбөлүккө калтыруу үчүн 2012-жылы Бишкектин борборуна эстелик куруу иштерине Кыргызстандын коомчулугунун көңүлүн бурган. 

Бексултан Жакиев улуттук кадрларды даярдоодо, аларды жооптуу кызматтарга көтөрүүдө М.К.Аммосовдун баа жеткис ролун ар дайым белгилеп келген. «М.К.Аммосов кыргыздардын «Манас» эпосун изилдөөгө көмөктөшкөн» деп айтчу.

 Якутияда Бексултан Жакиевичтин республикабыздын биринчи лидери, якут элинин улуу уулу, Якутиянын жана Кыргызстандын жаңы мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Максим Кирович Аммосовдун элесин сактап калууга кошкон баа жеткис салымын ар дайым ыраазычылык менен эскеришет.

Бексултан Жакиевичтин жардамы жана батасынын аркасында 2017-жылы Саха Республикасында (Якутия) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство күндөрү ийгиликтүү өткөрүлүп, ал эки мамлекеттин ортосундагы маданий жана эл аралык мамилелердин тарыхында жаңы баракты ачты.

Бексултан Жакиев өзү туруктуу президент болуп, Александр Жирков (мен) жана немис түркологу доктор Карл Рейх менен бирге эл аралык коомдук уюмду – “Дүйнө элдеринин эпостору” ассоциациясын жетектеген.

Биздин республиканын коомчулугу, чыгармачыл интеллигенциясы Бексултан Жакиевдин ысымын жакшы билет жана урматтайт. Бексултан Жакиевичтин талантына таазим кылуу менен былтыр Якутск шаарында А.С.Пушкин атындагы орус драмтеатрында, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына жана көрүнүктүү драматургдун 85 жылдыгына арналган анын өлбөс-өчпөс “Атанын тагдыры” чыгармасынын негизинде якут тилинде коюлган спектаклдин бетачары болуп өткөн.

Бексултан Жакиев ар дайым шайыр жана максатка умтулган, сезимтал жана баардык нерсени жүрөгү менен кабыл алган, досторуна жакын жана пайдасын тийгизе алган мыкты адам эле, ал баардыгына жетишчү. Бексултан ага үй-бүлөсүндө мээримдүү ата, өз мекени Кыргызстанды чын жүрөктөн сүйгөн, өз элинин татыктуу уулу болгон.   

Мен эң кымбат жана жакын адамдардын бири, улуу агам, акылдуу насаатчы жана кеңешчи, ишенимдүү жолдош жана досумдан айрылдым. Бексултан Жакиевге окшогон адам ар бир элде өтө сейрек кездешет жана ал эл үчүн чоң жоготуу. Бексултан Жакиевдин кетиши баарыбыз үчүн орду толгус кайгы.

Саха эли Бексултан Жакиевдин жаркын жана боорукер элесин – алардын ак жүрөк досторунун бири, биздин боордош элибиздин жаркын жана патриоту катары элесин сактап калат.

Жаткан жери жайлуу болсун! 


Александр Жирков, Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын (Ил Түмөн) V чакырылышынын төрагасы 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер