Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлкөдөн чыгып кеткен бизнесмендерге шарт түзүп бере алабызбы?

Өлкөдөн чыгып кеткен бизнесмендерге шарт түзүп бере алабызбы?

12-май, 23:49
467 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Буга чейин өлкөдөн чыгып кеткен бизнесмендерди кайтарууга болобу? Канткенде ишкерлик чөйрөгө шарт түзүп бере алабыз?

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты:

-- Асыресе кимдер жөнүндө айтып жатканыңды билбейм. Менимче, мурдагы президенттер менен байланышы бар же кылмыштуулукка аралашкан бизнесмендер өлкөдөн чыгып кетишкен. Анан кээ бир бизнесмендердин башка өлкөлөрдө жеке бизнеси бар экенинин эмнеси жаман? Ооба, Кыргызстанда туулуп-өскөн байлар чет өлкөдө бизнес ачышып, кирешесин Кыргызстанга алып келишет. Бул жакшы. Менин оюмча, бизнести кантип жана кайсы жерде иштетүүнү буйрук кылуу мүмкүн эмес. Акча салууга, пайда табууга боло турган шарттарды түзүү керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бизнеске акча салууга биздин коңшуларга караганда жакшы шарттар түзүлүүдө. Буга чейин инвесторлордун Кыргызстандын экономикасына акча салуусуна чындап эле эки нерсе тоскоол болду окшойт. Биринчиси – уюшкан кылмыштуулук, экинчиси – коррупция. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукту, коррупцияны акыры жеңдик деп ойлойм. Ооба 100% коррупцияны жеңүү кыйынга турат. Бүгүнкү күндө биздин мыйзамдар бизнеске абдан лоялдуу. Акырындыкта (бир аз кооптонуу менен болсо да) Кыргызстанга инвесторлор келип жатат. Бирок мен ойлойм, жакынкы 2-3 жылда өлкө экономикасы олуттуу көтөрүлө баштайт. Көптөгөн инвесторлор Кыргызстандын экономикасына кызыгып, бул жакка акча салат. Россияда 500-600 миң кыргызстандыктар иштесе, ошонун 10-15%ы бизнесмендер болуш керек. Алар жүрөгү менен мекенинде!

Төрөбай Колубаев, серепчи:

-- Өлкөдөн чыгып кеткен Шаки, Аскар Шадиевге окшогон бизнесмендерди кайтарууга канчалык шарт түзүлсө деле келишпесе керек. Себеби, баарын көрүп турушат да... Ошондой эле элдин ырыскысын уурдап, байып, ишкерлик кылган айрым бизнесмендер Кыргызстанга келген күндө да, аларды эл кабыл албай коюшу мүмкүн. 

Башка маселе, инвесторлорду тартуу үчүн электрондук акча, коин чыгаруу аракети башталды. Кытайдын аттуу-баштуу чоң бизнесмени Кыргызстанга келди. Кыргыздын алтынын коюп, эми коинин чыгарганы жатышат. Мына ушундай шарттар менен сырттан бизнесмендерди Кыргызстанга чакырсак болот. Бирок, жогоруда айткандай, арасында эл кабыл албай койгондору да бар


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер