Кечээ пара менен кармалган Мухамед Төрөходжаев суудан кургак чыкканда
Ош шаарына караштуу Ак-Буура милиция бөлүмүнүн начальниги Мухамед Төрөходжаевди ири көлөмдөгү пара менен УКМК кармаганы эсибизде. ЖМКларга жарыяланган. Убакыттын өтүшү менен бул эргул сот тарабынан акталып, суудан кургак чыкканы кандай? Азыр соттордун көпчүлүгү коррупцияга батышып, каалагандай чечимдерди чыгарышканы көнүмүшкө айланды. Мындай шартта УКМКнын аракети четке сүрүлүп, кечээги кылмышка шектүү акталып, кайрадан көнгөн адаты менен оюн салабы? Негизи ыраатсыздыктарга көңүл бурулушу керек да. Тилекке каршы, Мухамед Төрөходжаевди көмүскөдөн ГУУРдун начальниги Оролбек Акпаров колдоп, “алаканын абдан ысытканбы”? Оштогу күбүр-шыбыр кептер быякка чейин угулууда. Эми колдорунан кармап албагандан кийин так кесе бүтүм чыгара да албайсың. Бирок шек жаратып кала беришеби? Турмушуң эшек араба...
"Азия Ньюс" гезити