Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түмөнбаев байып, саясый популярдуулук үчүн Ташиевге “таш ыргыткан” кербезиби?

Түмөнбаев байып, саясый популярдуулук үчүн Ташиевге “таш ыргыткан” кербезиби?

22-сентябрь, 15:13
502 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар бир бийликтин тушунда Акылбек Түмөнбаевге окшогон “авторитеттер”, “серый кардиналдар” чыгарын депутат Шайлообек Атазов сынга алып, ЖКнын жыйындар залынан кайым айтышуу жаралган. Көрсө, чындык дайыма ачуу болуп, чычалатат тура.

Парламенттен Камчыбек Ташиев менен айтышкан Өмүрбек Бакиров акыры мандатынан ажырады. Эл арасында ар кандай баа берилүүдө. Эң кызыгы, президенттин кудасы Акылбек Түмөнбаев УКМК төрагасына кастарын тигип, бүйүр кызыткан позициясын ачыктады. Түз айтканда, Ташиевдин душманы Бакировду колдоп, мандатынан ажыраганы адилетсиздик болгонун жар салып, комиссия түзүүнү демилгелеп, БШКнын чечимин мыйзамсыз катары белгиледи. Катуу кетти. Кантип духу жетти дейсиңерби? Сыры жөнөкөй. Үч жылдан бери Акылбек Түмөнбаевдин акчасы түмөндөп, катар-катар хансарайларды салып, элиталык батирлерге ээ болуп, үй-бүлө мүчөлөрү менен кымбат баалуу жолтандабастарды минип жүрүшөт. Уул-кыздары акылдуу экен, “майталкан” кызматтарда иштеп жатышат. 

Аныгында, Акылбек Түмөнбаев жетпей жүргөн байлыкка, мансапка ээлик кылып, эми саясый аренадагы популярдуулукту самап, анүчүн Ташиев менен талашка түшкөн кербезиби? “Таш ыргытканы” ушулбу?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер