Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акчач Жолдошева: “Ал сотту өмүр бою өзүн-өзү күнөөлөө сезими кыйнап өтөт"

Акчач Жолдошева: “Ал сотту өмүр бою өзүн-өзү күнөөлөө сезими кыйнап өтөт"

19-декабрь, 12:31
1 678 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сексуалдык зордук көргөн өспүрүмдүн психологиялык жактан өзгөрүүлөрү тууралуу айтып өтсөңүз?

-- Сексуалдык зордук көргөн балдарда жашоосуна жана саламаттыгына терс таасирин тийгизгенден сырткары, эмоционалдык абалы менен келечегине чоң коркунуч жаралат. Анын тагдырына өмүр бою унутулгус мөөр басылат. Ал балада өнөкөт оорулар пайда болушу да мүмкүн. Жакындары, жолдошторунун алдында кемсинип жүрүп, депрессиялык абалдан чыга албай калышат. Акыры суицидге баргандар да болот. 

-- Аларга жакындары тарабынан жардам көрсөтүүдө эмнелерге көңүл буруу керек?

-- Чоңдор, жакындары эч качан баланы жалгыз таштабашы керек. Аларга туура маалымат берүү маанилүү. Зордук-зомбулукка кабылгандарды көрүп-билгендер болсо, сөзсүз 111ге кайрылышы керек. Айрыкча мигранттардын балдары жакындарынын жанында жөн эле калып калышууда. Алар социалдык мекемелерге кайрылып, балдарын жакынына келишимдин негизинде ишенимдүү түрдө таштап кетсе болот эле. Ал эми баланы кароого алган тарап анын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө көңүл бура жүрсө туура болмок. 

-- Акыркы 13 жашар кыздын окуясына токтолсок, күнөөлүүлөр кыздын өзүн каралоого аракеттенишүүдө. Аксакалдар да аларды колдоп атышат. Эмне үчүн мындай? Мүмкүн бүткүл коомдун психологиясы бузулуп баратканбы?..

-- 13 жаштагы кыздын атасынын абалын бардык маалымат каражаттарынан көрүп атабыз. Сотко нааразы болгон атанын ишин Э.Сурабалдиева өз көзөмөлүнө алды. 

Кыргызстан эл аралык конвенциялардын негизинде иш алып барат. Бирок, балдардын укугун коргоо мыйзамдарынын иштөө системасы дагы бузулгандай болуп жатат. Бул сотторго да тийешелүү. Ал кызды зордуктаган зөөкүрлөрдү мөөнөтүн азайтып чечим чыгарган сотту  өмүр бою өзүн-өзү күнөөлөө сезими (чувства вины)  кыйнап өтөт.

-- Соцтармактардын биринде секелек кезде эркектерден ар кандай ыдык көргөндөр өз окуяларын жазып чыгышты. Негизи биздин коомдо мындай окуялардын ачык айтылбай атканы эмнеге байланыштуу?

-- Жаш балдарга ыдык көрсөтүү өңдүү мамилелер биздин өлкөдө көп эле болот. Аны коом, журналисттер ачык-айкын көтөрүп чыкканда гана резонанс жаралат. Ал айтылбаса, ошол бойдон көз жаздымда калат. Куру намыс, менталитет, калыптанып калган стереотиптер ага жол бербейт.  Биз аларды жок кылышыбыз керек. Ошондо реалдуулук сыртка чыгат да, жаш балдардын укугун коргоого жол ачылат.

-- Канткенде бүткүл калктын көңүлүн бул маселеге бурдура алабыз?

-- Коомчулуктун көңүлүн бул өңдүү көйгөйлөргө бурдуруу ою ар бирибизде жашашы абзел. Балдардын укугун коргоо мыйзамдарынын негизинде улуттук программа иштелип чыгып, жер-жерлерде иш-чаралар жүргүзүлсө, анын артынан элде маалымат пайда болмок. Ошентип, коомчулуктун түшүнүгү өзгөрмөк. Тийешелүү тармактардын ишинин милдеттүүлүгүн жогорулатуу да жардам бермек. Азыр баары саясат менен алектенип, балдардын тагдырына балта чабуулар көрүнбөй калып атат. Райондордо балдарды коргоо уюмдары иштеп, психологиялык борборлор ачылышы зарыл. Психологдор зарыл учурларда, экстренный абалдарда гана өкмөт тарабынан ишке тартылбаса, жай кездерде алар менен эч кимдин иши жок. Бул көйгөйдүн алдын алууда тийешелүү министрликтер дагы чогуу иштесе жакшы болмок.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер