» Саясат » Саясый күчтөр биригишип, Равшан Джеенбековду оппозициянын лидери кылышабы?
Саясый күчтөр биригишип, Равшан Джеенбековду оппозициянын лидери кылышабы?
30-август, 00:06
555 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Абактагы демократ саясатчы Равшан Джеенбековдун эрки, жолборстой жүрүшү, бийлик менен кашык каны калганча күрөшүүгө бел байлаганы коомчулукту таңгалдырууда. Сокенин доорунан бери үч-төрт ирет камалды, далай сурактарды башынан кечирди, бирок болбой эле каршылык көрсөтүп келатат. Майтарылбаган мүнөзү, “сынбаган” сапатын далилдей алды. Мындай жагдайдан улам, көшөгө артынан айрым саясый күчтөр копшолушуп, Равшан Джеенбековду оппозициянын лидери кылууга, анын айланасына биригүүгө акыл калчап атышканы каңкууланды. Билими, тажрыйбасы жагынан камчы салдырбаган каарманыбыз баардык таризинен упай топтой берсе, чын эле жападан жалгыз таасирдүү лидерге айланабы? Убакыт баарын таразалайт эмеспи. Элитабыз ээк калчап, жашынып жаткан чакта мындай идея ишке ашабы?..