Айгүл Жапарова менен сыймыктанган министр Гүлнара Баатырова медицинаны артка тартууда

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова «Айгүл Жапарова менен сыймыктанам...» деп гезитибизге маек берген. Коомчулукта «ой, бул кошоматчы турбайбы» деген кептер козуп, көпчүлүктү таңгалдырган эле. Түшүнүктүү да, бүгүнкү кызматында Айгүл айым аркылуу кармалып турганы ачыкка чыкты го, а болбосо кетип калат беле? Себеби, Гүлнара Баатырова келгени саламаттык сактоо системасында эч кандай ийгиликтүү өзгөрүүлөр болгон жок. Кадр саясаты баягы эле өң тааныштыкка, тууган-урук, жоро-жолдоштук чен-өлчөмдө каралып атканы жашыруун эмес. Медициналык аппараттар, техникалар жетишсиз. Кайсы гана мамлекеттик ооруканага барба, узун кезек күткөндөрдү көрөсүң. Ал эми кесипкөй, мыкты врачтар жеке менчик клиникаларга кетип калышкан. Дары-дармектер кымбат. Бул жагынан контрабандалык аракеттер гүлдөп атабы? Кыскасы, Гүлнара Баатырова эмне менен алектенгени белгисиз. Министр деген аты бар, заты жок, кызык, жөн гана убакытты өлтүрүп, элге кедергисин тийгизгени ушулбу? Эрксизден баш чайкайсың да...
"Азия Ньюс" гезити