Канышай Мамыркулова, журналист: “Элдин бийликке болгон ишенимин Акылбек Жапаров түгөтүүдө”

-- Соцтармактардан байкасак, сизге карата каралоо, фейк-фабрикалардын чабуулдары маал-маалы менен болуп турат экен. Алар курч калемиңизди сындыра албай жатышабы, же дагы башка аракеттери барбы? Чарчаган жоксузбу?
-- Мындай аракеттер коомдогу жарандык активисттерге карата болуп турушу көнүмүш да. Албетте, башка тараптар менен маселем болбогондон кийин, ар дайым сын-пикир айтып келген бийликтин “жугундукорлору” уюштуруп жаткандыгы белгилүү. Муну акыл-эстүү адамдар түшүнүп эле турушат. Чарчоо – бул жеңилүү. Акыл-эси жетик эмес адамдардын мындай оюндары чарчатпайт, кайра курчутат. Демек, “сынып, же кичирип калды” деп эсептөө келесоолук.
-- Аткаминерлерди байма-бай сындап келесиз. Өзгөчө Акылбек Жапаровду ашкере “туздайсыз”. Деги эле бийлик тараптан сизге кайрылган учурлар, “сүйлөшүүгө” аракет жасагандар барбы? Же кызматташуудан бийик турасызбы?
-- “Болбойт” деп айтсам калп болуп калат. “Болот” десең айрымдар тескери түшүнүп алышы мүмкүн. Анүстүнө Акылбек Жапаров баш болгон айрым “аферисттер” топтолуп алган бийлик менен келишүү негизсиз. Кара курсакты өйдө коюп, башты ийип бергенден өткөн кордук жок. Жаратмандык менен алектенбей, салык реформасы өңдүү “элдин жонунан кайыш тилгенге” жанталашкан Акылбек Жапаровдун эмнесин мактоого болот? Буга чейинки бийликтердин баардыгы менен иштешкен. Эми деле Садыр Жапаровду баш кылып, айлакерлиги төбөсүнөн агып, жолдон адаштырып, элдин бийликке болгон ишенимин түгөтүүдө. Жеке мага мындан зыян деле жок. Элге зыян, түшүнгөн кезде өтө кеч болот.
-- Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчы, активисттердин жарым-жартылайы үй камагына чыгышкан. Калгандары бошотулган жок. Бул жерден кандай “ыкманы” байкап атасыз? Принцибине бекем тургандар менен күрөшчүлдөрдүн баш коргоо чаралары узартылдыбы?
-- Кемпир-Абад мен үчүн оор тема. Элдин маалыматы жоктугунан, ээрчимелигинен ушул абал келип чыкты. Калың журттун үрөйүнөн чочулап, уяттары ойгонуп, кыз-келиндерди үй камагына чыгарып, калган активисттерди кармап отурушканы “соодалашуу” болуп саналат. Эч кандай негизи жок камап, жарандардын ден соолугун, бактысын, убактысын алышты. Бирок, алардын кайратын, принцибин сындыра алышкан жок да. Бийлик бүгүн бар, эртең жок, баарынан акыйкат түбөлүк. Жерди коргоп каршылык билдирүү – бул кылмыш эмес!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити