Акыркы кабарлар
» Саясат » Орозайым Нарматова: “Аликбек Жекшенкулов таза ниет менен эл үчүн иштегенин азыр сезип атам”
Орозайым Нарматова: “Аликбек Жекшенкулов таза ниет менен эл үчүн иштегенин азыр сезип атам”
19-март, 13:10

“Көпчүлүк учурда телефонсуз жана айлана-чөйрөдөгү ар кандай нерселерге алаксыткан жагдай жок учурунда артка карап кылчайып, “кандай кемчиликтерди кетирдим, кимдин көңүлүнүн оорутуп, кимге жакшылык кылдым”-деген суроо мен үчүн адатка айланган сыпат. Пандемия учурунда, Жээнбековдун доору кези эле. Москвада элчиликке көп сындар болуп, мактоолор да болуп жатты. Жада калса диаспора Аликбек Джекшенкулов агайды жактырбай, ар тарапка бөлүнгөнү эсимде. Мен да жаштыгым, курчтугум менен каттуу сындарды айттым. Аликбек агай ошондо мени чакырып, "карындашым экенсиз, ушактарга, ар түркүн адамдарга ишенбей суроо болсо, маселе болсо менден түз келип сурап, колдон келсе жардам бериңиз, биргеликте мекендештерге кызмат кылалы, сиздей кыздар өсүш керек, өлкөгө кызмат кылыш керек"-дегени эсимде. Кызматка чакыргандыгында эмес, киши менен чыныгы дипломат катары сүйлөшүп, чоң-кичүү дебей маселени диалог менен чечкендиги менин көңүлүмдү жылыткан. Чынын айтсам Жээнбековго оппозиция болсок дагы Аликбек агайды туура тандап, татыктуу кызматка койгондугу, Аликбек агай аруу тилек, таза ниет менен эл үчүн иштегендигин азыр сезип жатам. Калыстык үчүн айтайын жакшы иштеген, жарк этип көздү ача иш кылып, жардамчыларды да туура тандап, элге жакын болгондугун далилдеп берчүү мисалдар көп. Бул киши азыр кызматы жок, жөнөкөй эле биз катардагы жаран. Жакшы иштерди, жакшы адамдарды унутпай жүрүү инсандык милдет...” деп жазган Орозайым Нарматова Фейсбуктагы баракчасына.











