Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замирбек Базарбеков, Жогорку соттун төрагасы: “Журналисттер үчүн сот адилеттиги боюнча окуу уюштуруп жатабыз”

Замирбек Базарбеков, Жогорку соттун төрагасы: “Журналисттер үчүн сот адилеттиги боюнча окуу уюштуруп жатабыз”

02-февраль, 18:53
539 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Замирбек мырза, сөз эркиндиги тууралуу пикириңиз кандай?
-- Биздин өлкөбүздүн жетишкендиктеринин бири – бул сөз эркиндиги. Бирок, эркиндик жоопкерчиликти жана билимди да талап кылат. Журналисттердин негизги милдети – бул чындыкты айтуу. Ал эми аны кантип айтканы, кандай деңгээлде коомчулукка жеткиргендиги – бул анын ыймандуулугуна, кесипкөйлүгүнө жараша болору талашсыз. 
-- Журналисттер менен судьялардын окшоштук жана айырмачылыктары барбы?
-- Журналисттер маалыматты чогултуп, анан таркатышса, судьялар далилдерди карап чыгып, юридикалык баа берип, анан чечим чыгарат. Бирок, экөөнүн маалыматты коомчулукка жеткирүү ыкмалары ар кандай. Журналисттер тез аранын ичинде коомчулукка жеткирүүнү көздөшсө, судьялар ар тараптан кылдаттык менен карап, шашпай чечим кабыл алып, ошол чечим аркылуу коомчулукка жеткиришет. Бирок, экөө тең адамдын тагдырына таасир этүүчү аракеттерди жүргүзүшөт.
Коомчулук судьяларды “ишти бир жактуу карап, чечим кабыл алды” деп күнөөлөшсө, журналисттерди “маалыматтарды бир жактуу чагылдырып жатасыңар” деп айыпташат. 
-- Сот процессин чагылдырууда журналисттердин баары эле юридикалык жактан сабаттуу эмес. Ушул боюнча сиздер тараптан журналисттерге окутуу жагы каралганбы?
-- Ооба, бул боюнча өтүнүчтөр түшө баштады. Буга байланыштуу “ЖМК өкүлдөрү сот отурумдарын кандай чагылдыруусу керек? Эмнелерди эске алуусу зарыл? Кандай ички тартиптер бар?” деген соболдор арбын. Мына ушулар туурасында Жогорку соттун алдындагы сот адилеттигинин жогорку мектебинде атайын окуу уюштуруп жатабыз. Буга өзүңүз күбө болдуңуз. Ошону менен бирге сот тутуму менен ЖМК өз ара кызматташууда эки тараптан кетип жаткан кемчиликтерди жоюунун жолдорун издеп тапканга аракеттенгендин өзүн да чоң жетишкендик каары эсептейм.
Сурат Жылкычиев, "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер