» Саясат » Коңшу мамлекеттердин астында УКТ менен күрөшкөнүбүз күлкү жаратууда
Коңшу мамлекеттердин астында УКТ менен күрөшкөнүбүз күлкү жаратууда
23-январь, 19:30
450 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Акыл калчабасак, абийирибиз кете баштады. Коңшу өлкөлөрдө биздегидей уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) өкүлдөрү жок. Алар шоу кылбай эле капкачан “лөктөрүн” талкалашып, тыптыйпыл кылып салышкан. А бизде “чабактарын” спецназ менен кубалып кармашып, музыкалуу кино тартышып, өзүнчө эле күлкү келерлик көрүнүштөр... Бул эрдик эмес! Бийик көз карашта сырттан карагандар мыйыктарынан жылмайышып, шылдыңдап жатышканы кабарланды. Майдалануу, тек гана убара. Тикенектин жалбырагын кесип койсоң, анын тамыры сакталып калса, кайра жабырап чыга берет. Бизде нак ушундай образ өкүм сүрүүдө. Арканды алыс ыргытуу эмес, жөн эле “эл көрсүн” дегендей да... Кичине артка кылчайсак, мурда УКТны оперлер эле кармашчу. Эч кандай курулай пиары жок, күнүмдүк жумушун кылышып. Азыр болсо атамандарынан айбыгышат да, кайдагы бир “чилиштери” менен алышып жүрүшөт. Уят да! Качанкыга чейин мазакталабыз? Бир силкинип, жогорку деңгээлде ой жүгүртпөйлүбү?..