Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саткынчылыктын үлгүсүн Мисир Аширкулов менен Дастан Сарыгулов баштаган

Саткынчылыктын үлгүсүн Мисир Аширкулов менен Дастан Сарыгулов баштаган

11-декабрь, 21:27
989 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуу муундагы саясый элита жакшы билет. Мисир Аширкулов менен Дастан Сарыгулов тунгуч президент Аскар Акаевдин эң жакын досторунан эле. Көп жыл бирге жүрүшүп, таасирдүү кызматтарды аркалашып, төрдөн гана орун алышчу. Даңазалуу доорду сүрүшкөн да. Аябай байышкан, “ичип-жешкен”. Буларга түткөн кайран мамлекет! Аныгында, экөөнүн тең “котур ташы койнунда” тура. Алгач Дастан Сарыгулов куйтуланып, оппозицияга өтүп, Курманбек Бакиевдин чачпагын көтөрүү менен бузукулук жасаганы кандай? Өмүр бою Аскар Акаевдин жакшылыгын көрүп, шилекей алышкан доско айланып, анан сатып кетип атпайбы. Күнү бүгүнкүгө чейин “шыбап”, жамандап жатканы жашыруун эмес. Ал эми Мисир Аширкулов тымызын жүрүп алып, бул дагы Аскар Акаевдин арты менен адам болгон. Үлкөн кызматтарды аркалады. Таасири таш жарчу. Бирок, шефинен оомат кете баштаганда душманга айланып, артынан ыплас сөздөрдү айткан жагынан камчы салдырбай калган. Ток этерине келсек, бул экөө жакшылыкка жамандык кылуу, досту сатуу менен кыргыз коомчулугуна терс адатты тартуулады. Мына, аксакалдардын кылыгы ушундай болсо, жаштар эмнени үйрөнмүк эле? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер