“Балык башынан сасыйт” дегендей, Мамсейитовдун жоопкерчилигин карашпайбы?

Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ИИМдин орун басары Адылбек Бийбосунов Оштогу мейманканада жатса, астындагы кафеден бир саат милиция кызматкерлери мушташып, жапайычылыкты көрсөтүшүптүр. Карыш жердеги Ош ШИИБден опер топ кечигип келип, эч кандай чара көрбөгөнү таңгалдырды. Бул боюнча Зулушев өзү айтып, жакасын кармап отурат. Бийликтин ырааттуулугу жоктугун ушундан билели. Жыйынтыгында, Ош ШИИБ начальниги Акылбек Мамасейитовдун иштегенге моралдык укугу калган эмес. Береги көрүнүштөн соң кызматтан сыйы менен кетиши керек эле. Тилекке каршы, былтыйып, кетпей отурат. “Балык башынан сасыйт” дегендей, дал ушул Мамасейитовдун жоопкерчилигин карашпайбы? Эмнеге эркелетишет? Же акчасы көп болсо эле тоготпой жүрө береби? Түшүнүксүз.
"Азия Ньюс" гезити